Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 84:1—12

84  Сенин улуу чатырың+ кандай сонун, Оо, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба!+  Жаным Жахабанын короолорун көксөп, алдан тайды+. Тирүү Кудайдын алдында жүрөгүм да, денем да шаттанат+.  Оо, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, Падышам, Кудайым! Улуу курмандык жайыңдан чымчык да жай табат, Ал жакка чабалекей да уя салат, Балапандарын багат.  Сенин үйүңдө жашагандар бактылуу!+ Алар сени тынымсыз даңкташат+. (Села)  Сенден күч-кубат алган+, Үйүңө кеткен жолдорду жүрөгүндө эңсеген+ адамдар бактылуу.  Алар бака өрөөнүндө* баратканда+, Ал жер булактай көрүнөт. Насаатчы+ даңкка бөлөнөт.  Алардын күчүнө күч кошулат+, Ар бири Сионго, Кудайдын алдына барат+.  Оо, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, тиленүүмдү ук+, Оо, Жакыптын Кудайы, кулак сал+. (Села)  Оо, Кудай, биздин калканыбыз+, назарыңды сал, Майланганыңдын жүзүн кара+. 10  Анткени сенин короолоруңдагы бир күн миң күндөн артык+. Ыймансыздардын чатырларында жашагандан көрө+, Кудайдын үйүнүн босогосунда турганым жакшы+. 11  Себеби Жахаба Кудай — күн+ жана калкан+. Ал ырайым кылат, даңкка бөлөйт+. Жахаба кынтыксыз жүргөндөрдү жакшылыктан кем кылбайт+. 12  Оо, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, сага таянган адам бактылуу+. Башчыга. Корактын уулдарынын забуру. Ыр.

Шилтемелер

Же: «Бака деген бадалдар өскөн өрөөндө».