Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 81:1—16

81  Күчүбүз болгон Кудайдын алдында шаттангыла+, Жакыптын Кудайынын алдында салтанаттуу үн салгыла+.  Ырдагыла+, дап каккыла+, Колуңарга мукам үндүү арфа, кыл аспап алгыла+.  Ай жаңырганда, ай толгондо, Майрам күнүбүздө+ мүйүз сурнай тарткыла+.  Анткени бул — Ысрайыл үчүн көрсөтмө+, Жакыптын Кудайынын буйругу.  Кудай Мисир жерин аралап баратканда+ Ошол буйругун Жусупка насаат катары берген+. Биз өзүбүз билбеген тилди угуп жүргөнбүз+.  «Мен анын ийниндеги жүктү алып салдым+, Колдору себеттен бошоду+.  Кыйналганыңда мени чакырдың эле — куткардым+, Сага күндүн күркүрөгү жашырылган жайдан жооп бердим+, Сени Мериба сууларынын жанынан сынадым+. (Села)  Оо, элим, кулак сал, мен сага каршы күбөгө өтөм+; Оо, Ысрайыл, мени уксаң кана!+  Ошондо араңда башка кудай болбойт+, Бөлөк элдин кудайына таазим кылбайсың+. 10  Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын+, Сени Мисир жеринен алып чыккан менмин+. Оозуңду чоң ач, тойгузайын+. 11  Бирок менин элим үнүмдү укпай койду+, Ысрайыл мага моюн сунууга көңүлдөнбөй койду+. 12  Мен алардын өз жүрөктөрүнүн өжөрлүгү боюнча жашашына жол бердим+, Алар өздөрү каалаган жолдо жүрүштү+. 13  Оо, элим мени укса кана!+ Ысрайыл менин жолдорумда жүрсө кана!+ 14  Ошондо мен аларга душмандарын оңой эле моюн сундурмакмын+, Колумду алардын жоосуна каршы сунмакмын+. 15  Жахабаны жек көргөндөр анын алдына калтырап-титиреп келишет+, Алардын күндөрү түбөлүккө созулат. 16  Мен элимди буудайдын мыктысы менен азыктандырам+, Аскадан аккан балга тойгузам»+. Асаптын ыры.

Шилтемелер