Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 80:1—19

Башчыга. Лилиялар+. Эске салуу. Асаптын забуру+. Ыр. 80  Жусупту отордой кылып жетектеп жүргөндүн Өзү+, Ысрайылдын Койчусу, кулак сал+. Керуптардын+ үстүндө отургандын Өзү, жаркыра+.  Эпрайымдын, Бенжеминдин, Менашенин алдында кудуретиңди көрсөт+, Бизди куткарганы кел+.  Оо, Кудай, бизди кайтарып кел+, Куткарылышыбыз үчүн, жүзүңдүн жарыгын чач+.  Оо, Жахаба, асман аскерлеринин Кудайы, элиңдин тиленүүсүнө качанга чейин кыжырлана бересиң?+  Сен аларды нандын ордуна көз жашка тойгуздуң+, Көз жашын көл кылып, аларга жаш артынан жаш жуткуздуң+.  Бизди коңшуларыбыздын талашына айланттың+, Душмандарыбыз да каалашынча шылдыңдап жатышат+.  Асман аскерлеринин Кудайы, бизди кайрып кел+, Куткарылышыбыз үчүн, жүзүңдүн жарыгын чач+.  Сен Мисирден жүзүм сабагын алып келдиң+, Аны отургузуш үчүн элдерди кууп чыктың+,  Ал тамыр байлап, жайыла өсүшү үчүн+, жерди тазаладың+. 10  Анын көлөкөсү тоолорго түштү, Бутактары Кудайдын бал карагайларын жаап калды+. 11  Ал бутактарын деңизге чейин+, Жаш бутактарын дарыяга* чейин жайды+. 12  Анын таш дубалдарын эмне үчүн ураттың+, Жанынан өтүп бараткандардын баары анын мөмөлөрүн эмнеге үзүп кетишти?+ 13  Аны токойдогу каман кемирип+, Талаа жаныбарлары талап жеп жатат+. 14  Асман аскерлеринин Кудайы, кайтып келе көр+. Асмандан көз чаптыр, бул жүзүм сабагына кам көр+. 15  Оң колуң отургузган сабакты бак+, Өзүң үчүн өстүргөн уулуңа көз кырыңды сал+. 16  Жүзүм сабагы өрттөлүп, кыйылды+, Эл жүзүңдүн сүрүнөн жок болду+. 17  Сенин колуң оң тарабыңдагы кишинин үстүндө+, Өзүң үчүн күчтүү кылган адам уулунун үстүндө болсун+. 18  Биз сенден баш тартпайбыз+, Сенин ысмыңды чакырышыбыз үчүн, бизди сактап кал+. 19  Оо, Жахаба, асман аскерлеринин Кудайы, бизди кайрып кел+, Куткарылышыбыз үчүн, жүзүңдүн жарыгын чач+.

Шилтемелер

Евфратка.