Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

Тилди тандаңыз кыргыз

Забур 8:1—9

Башчыга. Гиттит*+. Дөөтүнүн ыры. 8  Оо, Жахаба Теңирибиз, сенин ысмың жер жүзүндө кандай улуу+.Улуулугуң асманда да жар салынат!+  Душманды жана өч алуучуну токтотуш үчүн+,Өзүңө кас болгондорго+Жаш балдар менен наристелердин оозу аркылуу күчүңдү көрсөттүң+.  Мен асманыңды, манжаларыңдын иштерин+,Сен жараткан ай менен жылдыздарды караганымда+:  «Сен унутпагыдай+, ажалдуу адам ким?+Сен кам көргүдөй, адам баласы ким?» — деп ойлоном+.  Аны периштелерден* бир аз төмөн койдуң+,Ага даңк+ менен көрк таажысын кийгиздиң+.  Ага кол эмгегиңдин үстүнөн бийлик бердиң+,Баарын анын бут алдына койдуң+.  Майда жана бодо малдын баарын+,Талаадагы жаныбарларды+,  Асмандагы канаттууларды, деңиздеги балыктарды+,Деңиз жолдору менен сүзүп жүргөн бүт жандыктарды бут алдына койдуң+.  Оо, Жахаба Теңирибиз, сенин ысмың жер жүзүндө кандай улуу!+

Шилтемелер

Музыкалык термин. Так мааниси белгисиз.
Же: «кудай сыяктуулардан».