Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 79:1—13

79  Оо, Кудай, элдер сенин мурасыңа кирип келишти+, Ыйык ибадатканаңды арамдашты+, Иерусалимди урандыга айлантышты+.  Кызматчыларыңдын өлүгүн асмандагы куштарга+, Ишенимдүү кызматчыларыңдын денесин жердеги жырткычтарга жем кылышты+.  Иерусалимдин тегерегинде алардын канын суудай агызышты, Аларды көмөр эч ким болгон жок+.  Биз кошуналарыбызга маскара болдук+, Тегерегибиздегилерге шылдың, күлкү болдук+.  Оо, Жахаба, качанга чейин ачууланасың? Түбөлүккөбү?+ Жаалың качанга чейин оттой жалындай берет?+  Каарыңды өзүңдү таанып-билбеген элдерге+, Ысмыңды чакырбаган падышалыктарга төк+.  Анткени алар Жакыпты жеп-жутушту+, Анын турак жайын ээн калтырышты+.  Ата-бабаларыбыздын күнөөлөрү үчүн бизди жазалай көрбө+. Бизге тезирээк кайрымдуулук көрсөт+, Анткени биз аябай алсырап калдык+.  Оо, куткаруучу Кудайыбыз+, Ысмыңдын даңкы үчүн бизге жардам бер+. Ысмың үчүн бизди куткарып, күнөөлөрүбүздү кечир+. 10  Элдер: «Булардын Кудайы кайда?» — дешпесин+. Кызматчыларыңдын төгүлгөн каны үчүн өч алынганы+ Көз алдыбызда элдерге белгилүү болсун+. 11  Туткундардын үшкүрүгүн ук+. Өлүмгө өкүм кылынгандарды күчтүү билегиң менен куткар+. 12  Оо, Жахаба, коңшуларыбыздын сага кылган акаратын+ Койнуна жети эселеп салып бер+. 13  Ал эми биз — сенин элиң, жайытыңдагы койлор+ Сага түбөлүктөн түбөлүккө ыраазычылык билдиребиз, Даңкыңды муундан муунга жарыялайбыз+. Башчыга. Лилиялар+. Эске салуу. Асаптын забуру+. Ыр.

Шилтемелер