Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 78:1—72

78  Оо, элим, менин мыйзамыма кулак сал+, Оозуман чыккан сөздөргө кулак төшө+.  Менин оозуман накыл сөздөр чыгат+, Байыркы табышмактар куюлат+.  Ошол уккан-билгендерибизди+, Ата-бабаларыбыздын айтып бергендерин баяндайм+.  Биз аларды урпактарынан жашырбайбыз+, Келерки муунга айтып беребиз+, Жахабанын даңкын, күчүн+, Жасаган ажайып иштерин жарыялайбыз+.  Ал Жакыпка насаат+, Ысрайылга мыйзам берген+, Балдарына үйрөтүүнү осуят кылып+, Ата-бабаларыбызга буйруктарын берген+.  Аларды келерки муун, төрөлө турган балдар билиши үчүн+, Алар да өз балдарына айтып бериши үчүн+,  Алар Кудайга таянышы үчүн+, Анын иштерин унутпай+, осуяттарын сакташы үчүн+,  Өздөрүнүн ата-бабаларындай болбошу үчүн, буйруктарын берген+. Алардын мууну өжөр, козголоңчул+, Руху менен Кудайга берилбеген+, Жүрөгүн даярдабаган муун болгон+.  Эпрайым уулдары куралданып, жаа тартышса да+, Салгылаш күнү артын көздөй качышкан+. 10  Алар Кудайдын келишимин сакташкан эмес+, Анын мыйзамы боюнча жашашкан эмес+. 11  Ошондой эле анын эмнелерди кылганын+, Көрсөткөн ажайып иштерин унута башташкан+. 12  Кудай алардын ата-бабаларынын көз алдында+ Мисир жеринде+, Соан талаасында+ кереметтерди көрсөткөн. 13  Ал деңизди экиге бөлүп, аларды өткөргөн+, Сууларды тосмодой кылып тургузган+. 14  Күндүз аларды булут менен+, Түнкүсүн оттун жарыгы менен жетектеп жүргөн+. 15  Чөлдөн аскаларды жарып+, Суу туңгуюктарынан ичиргендей алардын суусунун кандырган+. 16  Ал зоокадан суу агымдарын чыгарган+, Сууну дайрадай агызган+. 17  Бирок алар какшыган жерде Эң Жогорку Кудайга каршы чыгып+, Анын алдында ого бетер күнөөгө бата беришкен+, 18  Өздөрүнүн жанына жаккан тамакты сурап+, Жүрөктөрүндө Кудайды сынашкан+. 19  Алар Кудайга каршы сүйлөй башташкан+, «Кудай чөлдө дасторкон жая алабы?» — дешкен+. 20  Ал асканы чапканда+, Суулар агып, суу агымдары оргуштаган+. Алар болсо: «Ал нан да бере алабы+, Элине тамак камдай алабы?» — дешкен+. 21  Муну Жахаба угуп, катуу каарданган+, Жакыпка от түшүргөн+, Ысрайылга ачууланган+. 22  Анткени алар Кудайга ишеним артышкан эмес+, Анын куткарарына ишенишкен эмес+. 23  Ал булуттуу асманга буйрук берип, Асман эшиктерин ачкан+. 24  Элине жегенге манна жаадырган+, Асмандан азык берген+. 25  Адамдар кубаттуулардын* нанын жешкен+, Кудай аларга тоюшунча тамак берген+. 26  Асманда чыгыш шамалын соктурган+, Күчү менен түштүк шамалын үйлөгөн+. 27  Аларга тамакты чаңдай+, Канаттууларды деңиз кумундай жаадырган+. 28  Аларды өз конушунун ортосуна+, Чатырларынын айланасына түшүргөн+. 29  Алар жеп, аябай тоюшкан+, Кудай аларга каалаганын берген+. 30  Бирок ооздорундагы тамагын жута электе+ Андан да көптү көксөшкөн. 31  Ошондо Кудай аларга каарданып+, Күчтүүлөрүн өлтүрө баштаган+, Ысрайылдын жигиттерин сулаткан. 32  Ошонун баарына карабай, алар күнөө кыла беришкен+, Анын ажайып иштерине ишенишкен эмес+. 33  Андыктан Кудай алардын өмүр жылдарын коркунуч менен өткөзгөн, Алардын күндөрү дем сыяктуу түгөнгөн+. 34  Кудай аларды өлтүргөндө, ага кайрадан кайрылышкан+, Кайрылып келип, Кудайды издешкен+. 35  Кудайдын өздөрүнүн Аска-зоосу экенин+, Эң Жогорку Кудайдын өздөрү үчүн өч аларын эстешкен+. 36  Алар аны ооздору менен алдоого+, Ага тилдери менен калп айтууга аракет кылышкан+. 37  Жүрөктөрү анын алдында туруктуу болгон эмес+, Анын келишимине ишенимдүү бойдон калышкан эмес+. 38  Бирок ал кайрымдуулук кылган+, алардын күнөөлөрүн кечирген+, аларды кырып таштаган эмес+, Көп жолу каарын кайт кылган+, Бүт жаалын чачкан эмес. 39  Кудай алардын тек гана пенде экенин+, Алардын руху* чыгып, кайрылып келбей турганын унуткан эмес+. 40  Алар чөлдө ага каршы канча жолу козголоң чыгарышкан+, Ээн талаада канча жолу көңүлүн оорутушкан!+ 41  Кудайды кайра-кайра сынашкан+, Ысрайылдын Ыйыгын кейитишкен+. 42  Алар анын күчтүү колун+, Душмандан куткарган күнүн унутуп коюшкан+. 43  Мисирде көрсөткөн жышаандарын+, Соан талаасындагы кереметтерин+, 44  Алар суу иче албай калышы үчүн+, Нил дарыясынын чоң арыктарын канга айлантканын унутуп коюшкан+. 45  Кудай аларды чактырыш үчүн көгөөндөрдү+, Ойрон кылыш үчүн бакаларды жиберген+. 46  Түшүмдөрүн коңуздарга, Мээнетин чегирткелерге жедирген+. 47  Алардын жүзүм сабактарын мөндүр менен+, Анжир дарактарын добул менен талкалаган+. 48  Жүк ташыган жаныбарларын мөндүр менен+, Малын катуу оору менен кырган. 49  Аларга кайнаган каарын төккөн+, Жаалын, өкүмүн, алааматын көрсөткөн+, Баарын кыйратууга периштелеринин кошуундарын жиберген+. 50  Ал өзүнүн каарына жол даярдаган+, Алардын жанын өлүмдөн сактаган эмес, Жугуштуу ооруга чалдыктырган+. 51  Акырында Мисирдеги бардык тун балдарды+, Хам чатырларындагы тукум улоочу күчтүн башталышын кырган+. 52  Анан өз элин койлордой кылып алып чыккан+, Аларды чөлдө отордой кылып жетектеген+, 53  Коопсуз алып жүргөн, алар эч нерседен коркушкан эмес+, Душмандары болсо деңизге көмүлгөн+. 54  Аларды өзүнүн ыйык жерине+, Оң колу менен ээ болгон ушул тоолуу аймакка алып келген+. 55  Башка элдерди алардын алдынан бара-бара кууп чыккан+, Аларга ченегич жип менен мурас бөлүп берген+, Ысрайыл урууларын үйлүү-жайлуу кылган+. 56  Бирок алар Эң Жогорку Кудайга каршы чыгып, аны сынай башташкан+, Анын насааттарына карманышкан эмес+. 57  Ата-бабаларына окшоп, артына кетишкен, ишенимсиздик кылышкан+, Тээги бош жаадай бузулушкан+. 58  Бийик жерлери менен Кудайга акарат кылышкан+, Аны оюп жасалган буркандары менен кызгантышкан+. 59  Кудай көрүп+, катуу каарданган+, Ысрайылдан жийиркенип калган+. 60  Акырында Шилодогу ыйык чатырды+, Пенделердин арасындагы чатырын таштап кеткен+. 61  Ал өзүнүн күчүн туткунга+, Көркүн душмандын колуна салып берген+. 62  Элин кылыч мизине алдырган+, Мурасына каарданган+. 63  Жигиттерин от жалмаган, Кыздары нике ырын укпай калышкан+. 64  Дин кызматчылары кылычтан кырылышкан+, Алардын жесирлери ыйлашкан эмес+. 65  Ошондо Жахаба уйкудан ойгонгондой ойгонгон+, Шараптан соолуккан жоокердей ойгонгон+. 66  Ал качып бараткан душмандарына сокку урган+, Аларды түбөлүккө маскара кылган+. 67  Жусуптун чатырын четке каккан+. Ал Эпрайым уруусун тандаган эмес+, 68  Жүйүт уруусун+, Өзү сүйгөн Сион тоосун тандап алган+. 69  Ыйык жайын бийик чокулардай+, Түбөлүккө түптөлгөн жердей кылып тургузган+. 70  Кызматчысы Дөөтүнү тандап+, Аны кой короолордон алып чыккан+. 71  Козулуу койлордун артынан жүргөндө+, Аны эли Жакыпты+, Мурасы Ысрайылды кайтартуу үчүн алып келген+. 72  Дөөтү аларды таза жүрөк менен кайтарган+, Жөндөмдүү колу менен жетектеп жүргөн+. Асаптын ыры.

Шилтемелер

Же: «периштелердин».
Же: «өмүр деми».