Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 77:1—20

Башчыга. Жедутун. Асаптын забуру+. Ыр. 77  Бийик үн менен Кудайга жалбарам+, Кудайга бийик үн менен жалбарам, ошондо ал мага кулак салат+.  Кыйналганымда Жахабаны издейм+, Түнкүсүн сунулган колум талыбайт. Жаным да сооронгусу келбейт+.  Кудайды эстегенде, ичим уйгу-туйгу болот+, Сарсанаага батып, рухум алсырайт+. (Села)  Сен мага көз ирметпей жатасың+; Тынчым кетип, сүйлөөгө дарманым жок+.  Мен байыркы күндөр жөнүндө+, Эзелки жылдар тууралуу ой жүгүртөм.  Түнкүсүн кыл аспап черткенимди эстейм+, Жүрөгүм сарсанаага батат+, Рухум бардыгын кылдат изилдейт.  Жахаба биротоло таштап кетеби+, Кайра эч качан ырайым кылбайбы?+  Мээримдүүлүгү түбөлүккө көрсөтүлбөй турган болдубу?+ Сөзү биротоло жокко чыктыбы?+  Кудай ырайымдуулугун унутуп койдубу?+ Же каарданып, кайрымдуулугун көрсөтпөй калдыбы?+ (Села) 10  «Эң Жогорку Кудайдын оң колунун жардам бербей калганы+ Мени азапка салып жатат»,— дей беремби?+ 11  Мен Жахтын иштерин эстейм+. Сенин байыркы убактагы кереметтүү иштериңди эстейм+. 12  Бардык иштериң тууралуу ой жүгүртөм+, Иш-аракеттериң жөнүндө ойлоном+. 13  Оо, Кудай, сенин жолуң ыйык жайда+. Биздин Кудайдай улуу Кудай барбы?+ 14  Сен ажайып иштерди жасаган чыныгы Кудайсың+, Күчүңдү элдер арасында көрсөтүп келдиң+. 15  Өз колуң менен элиңди, Жакып менен Жусуптун уулдарын эркиндикке чыгардың+. (Села) 16  Оо, Кудай, сени суулар көргөн, Суулар көргөн, алар буркан-шаркан түшкөн+, Суу туңгуюктары долуланган+. 17  Күн күркүрөп, булуттардан суу төгүлгөн+, Булуттуу асман күркүрөгөн, Жебелериң туш тарапка учкан+. 18  Сен күндү арабалардын дөңгөлөктөрүндөй күркүрөткөнсүң+, Чагылган жердин бетин жарык кылган+, Жер кыймылга келип, солкулдаган+. 19  Сенин жолуң деңиз аркылуу+, Чыйырың чоң суулар аркылуу өткөн. Баскан изиң таанылбай калган. 20  Сен Мусанын жана Арундун колу менен+ Элиңди отордой кылып жетектеп жүргөнсүң+.

Шилтемелер