Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 76:1—12

76  Кудай Жүйүт жеринде белгилүү+, Анын ысмы Ысрайылда улуу+.  Анын турагы Салимде+, Жашаган жери Сиондо+.  Кудай ал жерден оттуу жебелерди+, Калканды, кылычты, согуш куралдарын талкалады+. (Села)  Сен жарыкка чулгангансың, жырткычтарга толгон тоолордон улуусуң+.  Эр жүрөктөр таланып-тонолду+, Катуу уйкуга кетишти+, Тайманбас эркектердин туруштук берүүгө күчү калган жок+.  Оо, Жакыптын Кудайы, сен ашкерелегенде, арабачы да, ат да терең уйкуга кетти+.  Сен коркуу сезимин туудурасың+. Катуу каарданганыңда, алдыңда ким туруштук бере алат?+  Асмандан өкүмүңдү угуздуң+, Жер коркуп, үн катпай калды+.  Анткени Кудай сот жүргүзүү үчүн+, Жер жүзүндөгү мүнөзү жумшактардын баарын куткаруу үчүн ордунан турду+. (Села) 10  Адамдын каары сага даңк алып келет+, Сен анын калган каарын курчанасың. 11  Жахаба Кудайдын тегерегиндегилердин баары, ага убада берип, убадаңарды аткаргыла+. Коркуу менен белек алып келгиле+. 12  Ал жол башчыларды момун кылат+, Жер жүзүнүн падышаларын сестентет+. Башчыга. Жедутун. Асаптын забуру+. Ыр.

Шилтемелер