Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 75:1—10

75  Биз сага ыраазычылык билдиребиз, оо, Кудай, ыраазычылык билдиребиз+. Сенин ысмың биз менен+. Адамдар сенин кереметтүү иштериңди жарыялайт+.  «Мен убакыт белгилеп койдум+, Адилдик менен өкүм чыгара баштадым+.  Жер менен анын бардык тургундары дүрбөлөңгө түштү+. Мен анын түркүктөрүн оңдодум»+. (Села)  Акылсыздарга: «Акылсыздык кылбагыла»,— дедим+, Ыймансыздарга: «Мүйүзүңөрдү* жогору көтөрбөгүлө»,— дедим+.  Мүйүзүңөрдү жогору көтөрбөгүлө, Кекирейе сүйлөбөгүлө+.  Зоболоңордун көтөрүлүшүн чыгыштан да, батыштан да, Түштүктөн да күтпөгүлө.  Себеби Кудай — сот+. Ал бирин басынтат, экинчисин көтөрөт+.  Жахаба колуна чөйчөк кармап турат+, Ичинде күчтүү шарап көбүрүп-жабырып жатат. Ал андагы тундурманы төгөт, Жер жүзүндөгү ыймансыздардын баары аны шыпкап ичет+.  Мен болсо ошол тууралуу түбөлүк айтам, Жакыптын Кудайын даңктап ырдайм+. 10  «Ыймансыздардын мүйүздөрүн сындырам»+. Ал эми адил адамдын мүйүзү жогору көтөрүлөт+. Башчыга. Кыл аспаптар үчүн. Асаптын забуру+. Ыр.

Шилтемелер

Ыйык Китепте «мүйүз» деген сөз көп учурда күч-кубатты, бийликти билдирет.