Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 74:1—23

74  Оо, Кудай, эмне үчүн бизди түбөлүккө таштап кеттиң?+ Эмне үчүн жайытыңдын оторуна+ каарың кайнап жатат?  Байыртан өзүң ээ болгон жамаатыңды+, Мурасың катары куткарып алган урууну+, Өзүң жашап келген ушул Сион тоосун эстей көр+.  Көптөн бери жаткан урандыларга кадам шилте+. Ыйык жердегинин баарын душман талкалап кетти+.  Сага кастык кылгандар сыйынуу жайынын ортосунда ыркырап жүрүшөт+, Алар өз белгилерин орнотуп алышкан+.  Душмандар жыш токойду кыйыш үчүн балтасын өйдө көтөргөндөр катары жаман атка конушкан.  Алар ыйык жайыңдагы оюм-чийимдерди балта, барскан менен бирин калтырбай кыйратышты+.  Ыйык жайыңды өрттөп жиберишти+, Ысмыңды алып жүргөн ыйык чатырды жерге кулатып, арамдашты+.  Алар өздөрүнүн тукуму менен бирге ичинен: «Кудайдын бул жердеги сыйынуу жайларынын баары өрттөлөт»,— дешти+.  Биз өз белгилерибизди көрбөй калдык, пайгамбар да калган жок+. Арабызда мунун качанга чейин созуларын билген эч ким жок. 10  Оо, Кудай, кас тарап сага качанга чейин акарат кылат?+ Душман сенин ысмыңды түбөлүккө жек көрөбү?+ 11  Эмне үчүн колуң менен, койнуңдан чыгарган оң колуң менен чара көрбөй жатасың?+ Биз кырылып жок болобузбу? 12  Ошентсе да Кудай — байыртан бери менин Падышам+, Ал жер үстүндө улуу куткаруусун көрсөтөт+. 13  Сен деңизди күч-кубатың менен толкуткансың+, Суулардагы алп жаныбарлардын баштарын жанчкансың+. 14  Лебиатандын*+ башын* жанчкансың, Аны чөлдүү аймактардын тургундарына азык кылып бергенсиң+. 15  Сен булак чыгарып, сууну дайрадай агызгансың+, Соолубас дарыяларды какшыткансың+. 16  Күн да, түн да сага таандык+, Жарыктын булагын — күндү — жараткансың+. 17  Сен жердин бардык чектерин белгилегенсиң+, Жай менен кышты жараткансың+. 18  Оо, Жахаба, душмандын тил тийгизгенин+, Акылсыз элдин ысмыңа акарат кылганын эсте+. 19  Бактектин жанын жырткычка салып бербе+, Бечара элиңди биротоло унутпа+. 20  Келишимиңди эсте+, Анткени жердин караңгы бурчтары зордук-зомбулуктун уюгуна айланды+. 21  Кыйналган адам кемсинтилбесин+, Бей-бечара менен жакыр сенин ысмыңды даңктасын+. 22  Ордуңан тур, оо, Кудай, өкүмүңдү чыгар+, Акылсыздын сага күнү бою тил тийгизгенин эсте+. 23  Сага кастык кылгандардын үнүн унутпа+, Сага каршы чыккандардын чуусу басылбай, асманга көтөрүлүп жатат+. Башчыга. «Мени жок кылба». Асаптын забуру+. Ыр.

Шилтемелер

Же: «Крокодилдин».
Сөзмө-сөз: «баштарын».