Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 73:1—28

Асаптын ыры+. 73  Кудай Ысрайылга, жүрөгү тазаларга жакшылык кылат+.  Мен жолдон чыгып кете жаздадым+, Бутум тайып кете жаздады+.  Анткени ыймансыздардын тынч жашап жатканын көрдүм+, Мактанчаактарга көз арттым+.  Себеби алар өлүм алдындагыдай азап тартышпайт+, Курсактарын май баскан+.  Алар ажалдуу адамдай болуп кыйынчылык көрүшпөйт+, Башкалардай болуп жапа чегишпейт+.  Ошондуктан бой көтөрүүчүлүктү шурудай тагынышат+, Зордук-зомбулукту кийимдей кийишет+.  Май баскан көздөрү чанагынан чыгып турат+, Жүрөгүндөгү ой-кыялдары ашыгы менен орундалат+.  Алар башкаларды шылдыңдашат, жамандыкты кеп кылышат+, Митаамдыгын менменсине оозанышат+.  Алардын оозу асманда+, Тили жерде+. 10  Ошондуктан алар элди азгырып*, Чөйчөк толо суу ичирип жатышат. 11  «Кудай кайдан билмек эле?+ Эң Жогорку Кудай ушуларды билмек беле?» — дешет+. 12  Мына, ыймансыздар ушинтип бейкапар жашайт+. Алар мүлкүн көбөйтүп жатышат+. 13  Анда мен жүрөгүмдү бекер эле тазалап+, Колумду айыпсыздык менен бекер эле жууп жүргөн экем да+. 14  Мен эртеден кечке кыйналам+, Күнүгө эртең менен ашкереленем+. 15  «Мен да ошентип сүйлөйм»,— деген болсом, Анда сенин бардык уулдарыңа Чыккынчылык кылган болор элем+. 16  Ушуларды түшүнүш үчүн көпкө ойлондум+, Бирок бул мен үчүн оңойго турган жок. 17  Мен Кудайдын улуу ыйык жайына киргенге чейин ошондой болду+. Алардын келечегин билгим келди+. 18  Чын эле, сен аларды тайгак жерге коёсуң+, Кулатып, жок кыласың+. 19  Алар бир заматта үрөй учурарлык абалга туш болушту!+ Күтүлбөгөн жерден кырсыкка кабылып, кырылып жок болушту! 20  Оо, Жахаба, сен ордуңан турганда+, Алардын элесин уйкудан ойгонгондо унутулуп калуучу түштөй унутасың+. 21  Жүрөгүм ызага толуп+, Ичим* сыздады+. 22  Мен акылсыз, түркөй элем+, Көз алдыңда аң-сезими жок жаныбардай элем+. 23  Бирок мен ар дайым сени мененмин+, Сен мени оң колуман кармап турасың+. 24  Мени кеңешиң менен жетектейсиң+, Анан даңкка жеткиресиң+. 25  Асманда дагы кимим бар?+ Жерде да сенден башка кубанычым жок+. 26  Денем да, жүрөгүм да алсырады+. Бирок жүрөгүмдүн аскасы, түбөлүк үлүшүм — Кудай+. 27  Ал эми сенден алыстагандар ойрон болушат+. Адеп-ахлаксыздык кылып, өзүңөн баш тарткандардын баарын жок кыласың+. 28  Мага болсо Кудайга жакындаган жакшы+. Бардык иштерин жарыялаш үчүн+ Эгедер Теңир Жахабаны баш маана кылам+.

Шилтемелер

Же: «анын эли да ушул жакка кайрылып».
Сөзмө-сөз: «бөйрөктөрүм».