Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 71:1—24

71  Оо, Жахаба, мен сенден баш маана таптым+. Эч качан уятка калбайын+.  Мени адилдигиң менен бошот, куткар+. Мага кулак сал, мени сакта+.  Ар дайым жашынышым үчүн, таштан курулган чеп бол+. Мени куткарууга буйрук бер+, Анткени сен менин аска-зоомсуң, чебимсиң+.  Оо, Кудайым, мени ыймансыздын колунан+, Адилетсиз, мыкаачы кишинин колунан куткар+.  Анткени сен менин үмүтүмсүң+, оо, Эгедер Теңирим Жахаба, жаш кезимен бери таянычымсың+.  Мен төрөлгөндөн тартып сага таянып келем+, Мени энемдин ичинен чыгарган сенсиң+, Ар дайым сени даңктайм+.  Көптөргө мен керемет болуп көрүнөм+, Бирок сен менин кубаттуу баш маанамсың+.  Оозум сени даңктайт+, Улуулугуңду күнү бою жар салат+.  Карыганымда, мени таштаба+; Алдан-күчтөн тайганымда, мени калтырба+. 10  Анткени душмандарым мени сөз кылып жатышат+, Жанымды алыш үчүн аңдып жүргөндөр өз ара кеңешип жатышат+. 11  Алар: «Кудай аны таштап кетти+. Артынан түшүп, кармагыла, анткени анын куткарар эч кимиси жок»,— деп жатышат+. 12  Оо, Кудай, менден алыстаба+. Оо, Кудайым, мага жардам берүүгө шашыл+. 13  Жаныма каршы чыккандар уятка калышсын, жок болушсун+. Башыма мүшкүл түшүргүсү келгендер маскара болушсун, басынтылышсын+. 14  Мен болсо дайыма сени күтөм+, Сага даңк артынан даңк айтам. 15  Оозум сенин адилдигиңди+, Куткарууңду күнү бою жар салат+, Анткени аларга сан жетпейт+. 16  Оо, Эгедер Теңир+ Жахаба, мен келип, улуу кудуретиңди жарыялайм+, Сенин, бир гана сенин адилдигиңди жар салам+. 17  Оо, Кудай, мени жаш кезимен бери үйрөтүп келатасың+, Мен азыркыга чейин сенин ажайып иштериң жөнүндө айтып жүрөм+. 18  Мени карыганымда да, чачым агарганда да таштаба+, оо, Кудай, Билегиңдин күчүн келерки муунга+, Кудуретиңди болочок урпактарга жарыя кылайын+. 19  Оо, Кудай, сенин адилдигиң асманга жетет+. Жасаган улуу иштериңе келгенде+, Сага ким тең келе алат, оо, Кудай?+ 20  Сен менин көп азап тартып, көп кыйынчылык көрүшүмө жол бердиң+, Эми мени кайрадан жандандыр+, Жердин суу туңгуюктарынан кайра чыгар+. 21  Баркыма барк кош+, Мени коргоп, жубат+. 22  Мен болсо сени кыл аспап чертип даңазалайм+, Чындыгыңды жарыялайм, оо, Кудайым+. Арфа чертип, сени даңктайм, оо, Ысрайылдын Ыйыгы+. 23  Сени даңктап ырдагым келгенде+, Оозум, өзүң кун төлөп куткарган жаным кубанычтуу үн салат+. 24  Тилим да күнү бою адилдигиңди жар салат+, Анткени мага кара санап жаткандар уят болуп, алдастап калышты+. Сулайман тууралуу.

Шилтемелер