Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 7:1—17

Бенжемин уруусунан чыккан Куштун сөздөрүнөн улам Дөөтүнүн Жахабага зарлап ырдаган ыры. 7  Оо, Жахаба Кудайым+, сен менин баш маанамсың+, Мени куугунтуктагандардын баарынан сактай көр, куткара көр+.  Жанымды эч ким, арстандай болуп, тытып таштабасын+, Куткарып аларым жокто өлтүрүп кетпесин+.  Оо, Жахаба Кудайым, эгер туура эмес иш кылсам+, Колумда адилетсиздик бар болсо+,  Эгер мага жакшылык кылганга жамандык кылган болсом+, Мага зыян келтире албаган жоону талап-тоногон болсом+,  Анда жаным душмандан куугунтук көрсүн+, Ал мени* кууп жетип, жер менен жексен кылсын, Даңкымды топуракка таштасын. (Села)  Оо, Жахаба, каарың менен ордуңан тур+, Мени менен касташкандардын жаалына каршы көтөрүл+, Мен үчүн ойгон+, анткени сен акыйкаттыктын өкүм сүрүшүн буйрудуң+.  Айланаңа улуттар чогулсун, Жогоруга кайтып барып, аларга каршы чык.  Жахаба элдерге өкүм чыгарат+. Оо, Жахаба, мага адилдигиме жараша+, Кынтыксыздыгыма жараша өкүм чыгар+.  Ыймансыздардын кыянаттыгын токтото көр+, Адил адамды бекем тургуз+, Адил Кудай+ жүрөктү+, жан дүйнөнү* сынайт+. 10  Менин калканым Кудайдан+, жүрөгү тазаларды Куткаруучудан+. 11  Кудай — адил Сот+, Ал күнүгө ашкерелейт. 12  Кимде ким жамандыктан баш тартпаса+, Ал кылычын курчутат+, Жаасын ийип, атууга камдайт+. 13  Өлүм куралдарын даярдайт+, Жебелерин оттуу кылат+. 14  Мына, кай бир адамдын боюнда кыянаттык бар+, Анын боюна жамандык бүтүп, жалгандык төрөлөт+. 15  Ал терең ор казган+, Бирок казган оруна өзү түшөт+. 16  Анын жамандыгы өз башына келет+, Зордук-зомбулугу өз төбөсүнө түшөт+. 17  Мен болсо Жахабаны адилдиги үчүн даңктайм+, Эң Жогорку Кудайдын+ ысмын+, Жахабаны даңазалап ырдайм.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «өмүрүмдү».
Сөзмө-сөз: «бөйрөктөрдү».