Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 69:1—36

69  Мени куткара көр, оо, Кудай, анткени жанымды суу каптады+.  Бут коёрго жер таппай, терең сазга баттым+. Терең сууга кирдим, Мени суунун шар агымы агызып кетти+.  Жардамга чакыргандан чарчадым+, Тамагым кургап калды. Кудайымды күтө берип көзүм талыды+.  Мени себепсиз эле жек көргөндөр башымдагы чачыман көп+. Жөн жерден душман болуп, мени жок кылгысы келгендер көбөйдү+. Тартып албаган нерсемди берүүгө мажбур кылышты.  Оо, Кудай, сен менин акылсыздыгымды билесиң, Айыбым сенден жашыруун эмес+.  Оо, Эгедер Теңир, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+, Сенден үмүттөнгөндөр менин айыман уят болушпаса экен+, Ысрайылдын Кудайы+, Сени издегендер менин айыман басынтылышпаса экен+.  Анткени сен үчүн акарат сөздөргө чыдап жатам+, Жүзүмдү маскаралык каптады+.  Бир туугандарыма жат киши+, Энемдин уулдарына бөтөн жерлик болуп калдым+.  Анткени сенин үйүңө болгон ынтамдан улам ичим өрт болду+, Сага акарат кылгандардын акарат сөздөрү мага тийди+. 10  Орозо кармап, ыйладым+, Бирок ошон үчүн да акарат сөздөрдү уктум+. 11  Кийим ордуна таар кийгенимде, Алар мени ылакап кылышты+. 12  Дарбазанын алдында отургандар мени кеп кылышты+, Мен күчтүү ичимдик ичкендердин ырына айландым+. 13  Бирок мен, оо, Жахаба, сенден тилендим+, Оо, Кудай, ылайыктуу убакта тилендим+. Мага улуу мээримдүүлүгүң менен жооп бер, чыныгы куткаруучу экениңди көрсөт+. 14  Мени саздан чыгара көр, чөгүп кетпейин+. Өзүмдү жек көргөндөрдөн+, терең суулардан кутулайын+. 15  Мени суунун шар агымы агызып кетпесин+, Суунун ирими жутуп албасын, Кудуктун оозу үстүмөн жабылып калбасын+. 16  Мага жооп бер, оо, Жахаба, анткени сенин мээримдүүлүгүң жакшы+. Улуу кайрымдуулугуң менен мага назар сал+. 17  Кызматчыңан жүзүңдү жашырба+. Мага дароо жооп бер, анткени мен оор абалдамын+. 18  Жакын келип, жанымды куткар+, Душмандарыман арылт+. 19  Сен шылдың болгонумду, уятка калганымды, кемсинтилгенимди билесиң+. Мени менен касташкандардын баары сенин көз алдыңда+. 20  Акарат сөздөр жүрөгүмдү жаралады, жараатым айыккыс болду+. Бирөө боор ооруйбу деп үмүттөндүм, бирок андай болгон жок+. Сооротуучуларды издедим, бирок тапкан жокмун+. 21  Мага тамак ордуна уулуу чөп беришти+, Суусаганымда, кычкыл шарап ичирүүгө аракеттеништи+. 22  Аларга өздөрүнүн үстөлү* кылтак болсун+, Жыргап жатышканда тузакка түшүшсүн+. 23  Көздөрү тунарып, көрбөй калышсын+, Бүткөн боюн калтырак баскыдай кыл+. 24  Аларды айыптап ашкереле+, Аларга кайнаган каарың төгүлсүн+. 25  Дубал менен курчалган жайлары ээн калсын+, Чатырларында эч ким жашабасын+. 26  Анткени алар сен ойрон кылгандын артынан сая түшүп+, Сен жаралагандардын азабын кеп кылып жатышат. 27  Алардын күнөөсүнө күнөө кош+, Сенин алдыңда алар адил деп эсептелбесин+, 28  Тирүүлөрдүн китебинен өчүрүлсүн+, Ысымдары адил адамдардын ысмы менен бирге жазылбасын+. 29  Мен кыйналып, азап чегип жатам+. Оо, Кудайым, мени куткар, мени корго+. 30  Мен Кудайдын ысмын ыр менен даңктайм+, Ыраазычылык билдирип, аны даңазалайм+. 31  Муну Жахаба букага караганда+, Мүйүздүү, ача туяктуу букачарга караганда көбүрөөк жактырат+. 32  Муну мүнөзү жумшактар көрүп, кубанышат+. Кудайды издегендер, жүрөгүңөр жандансын+. 33  Анткени Жахаба жакырларды угат+, Туткундалган элине кайдыгер карабайт+. 34  Асман менен жер+, Деңиздер менен аларда жашагандардын баары Аны даңктасын+. 35  Кудай Сионду куткарат+, Жүйүт шаарларын тургузат+. Алар ал жерде жашап, ага ээлик кылышат+. 36  Анын кызматчыларынын тукуму ал жерди мураска алат+, Анын ысмын жакшы көргөндөр ошол жерде жашашат+. Башчыга. Дөөтүнүн забуру. Эске салуу+.

Шилтемелер

Курмандык үстөлү.