Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 68:1—35

68  Кудай ордунан турсун+, душмандары туш тарапка чачырасын+, Аны жек көргөндөр качсын+.  Аларды түтүндөй кылып таратып жибер+. Ыймансыздар отко эриген момдой болуп+, Кудайдын алдынан жок болуп кетишсин+.  Ал эми адилдер сүйүнүшсүн+, Кудай алдында шаттанышсын+, Сүйүнүп, кубанычка бөлөнүшсүн+.  Кудайга ырдагыла, анын ысмын даңктап ырдагыла+, Чөлдүү талааларда Баратканга ыр ырдагыла+, Анын ысмы — Жах*, анын алдында сүйүнгүлө+.  Ыйык турагындагы Кудай+ Жетимдердин атасы, жесирлердин коргоочусу+.  Кудай жалгыздарды үйлүү-жайлуу кылат+, Ал туткундарды бошотуп, жыргалга бөлөйт+, Ал эми өжөрлөр куйкаланган жерде жашашат+.  Оо, Кудай, сен элиңди жетектеп баратканда+, Чөл кезип баратканыңда+, (Села)  Жер титиреген+. Кудайдын алдында асмандан жаан себелеген+, Бул Синай Кудайдын+, Ысрайылдын Кудайынын+, алдында солкулдаган.  Оо, Кудай, сен нөшөр төккөнсүң+, Алсырап турган мурасыңа кубат бергенсиң+. 10  Элиң кош жайып, чатырларда жашаган+, Оо, Кудай, сен жакшылыгың менен ал чатырларды бей-бечарага даярдагансың+. 11  Жахабадан сөз чыгат+; Жакшы кабар айткан аялдар чоң кошуунду түзөт+. 12  Аскерлердин башында турган падышалар да качат, алар качышат+, Ал эми үйдө отурган аял олжо бөлүшөт+. 13  Силер үйүлгөн күлдө жатсаңар да, Күмүш канаттуу, Саргыч-жашыл алтын жүндүү көгүчкөндөй болосуңар*+. 14  Кудурети Күчтүү бул жердеги падышаларды туш тарапка чачыратып жибергенде+, Салмондо кар жаай баштаган+. 15  Башан тоолуу аймагы+ — Кудайдын тоосу+, Башан тоолуу аймагы — бийик чокулуу тоо+. 16  Эмне үчүн силер, бийик чокулуу тоолор, Кудай жашагысы келген тоого көз артып карайсыңар?+ Жахаба ал тоодо түбөлүк жашайт+. 17  Кудайдын майдан арабалары он миңдеп, миң-миңдеп саналат+, Жахаба өзү Синайдан ыйык жерине келди+. 18  Сен жогоруга көтөрүлдүң+, Туткундарды алып кеттиң+, Адам түрүндөгү белектерди алдың+, Өжөрлөрдү да алдың+, оо, Жах Кудай, сен алардын арасында болосуң+. 19  Жүгүбүздү күн сайын көтөрүп жүргөн Жахаба+, Бизди куткарган чыныгы Кудай даңкталсын+. (Села) 20  Чыныгы Кудай — бизди куткаруу үчүн иш-аракет кылган Кудай+, Өлүмдөн кутулуунун жолдору Жахабага, Эгедер Теңирге+, таандык+. 21  Кудай душмандарынын башын+, Күнөөгө батып жүргөндөрдүн чачтуу төбөсүн жанчыйт+. 22  Жахаба мындай деди: «Мен аларды Башандан кайра алып келем+, Деңиз тереңдиктеринен чыгарам+. 23  Сен бутуңду канга жууйсуң+, Иттериң душмандарыңдын канын жалайт»+. 24  Оо, Кудай, алар сенин салтанаттуу жүрүштөрүңдү көрүшкөн+. Кудайымдын, Падышамдын, ыйык жерине бараткан жүрүштөрүн көрүшкөн+. 25  Алдыда ырчылар, алардын артында кыл аспап черткендер+, Ортодо дап каккан кыздар баратышкан+. 26  Ысрайылдын Булагынан өмүр алгандар+, Чоң жыйындарда Жахаба Кудайды даңктагыла+. 27  Чакан Бенжемин уруусу+, Эли шаңга бөлөнгөн Жүйүт төрөлөрү, Забулун төрөлөрү, Напталы төрөлөрү далайларды баш ийдирет+. 28  Кудайыңдын буйругу боюнча, сага күч берилет+, Оо, Кудай, бизге көрсөтүп келген күчүңдү көрсөт+. 29  Иерусалимдеги ибадатканаң үчүн+ Падышалар сага белек алып келишет+. 30  Камыш арасындагы жапайы айбанды+, букалардын тобун, элдердин торпокторун жоошут+. Алардын ар бири күмүштү тебелейт+. Согушту жакшы көргөн элдерди чачып жибер+. 31  Мисирден коло буюмдар келет+, Куш* белек кармаган колун дароо Кудайга созот+. 32  Жер жүзүнүн падышалыктары, Кудайга ырдагыла+, Жахабаны даңктап ырдагыла! (Села) 33  Ал байыркы асмандын асманында баратат+, Мына! Анын үнү, кубаттуу үнү угулуп жатат+. 34  Кудайдын күчтүү экенин билгиле+. Анын улуулугу Ысрайылдын үстүндө, күчү булуттардын ичинде+. 35  Кудай улуу ыйык жайынан чыкканда коркуу сезимин туудурат+, Ал — Ысрайылдын Кудайы. Ал өз элине кудурет-күч берет+. Кудайга даңк!+ Башчыга. Лилиялар+. Дөөтүнүн забуру.

Шилтемелер

«Жахаба» деген ысымдын кыскартылган түрү. Кара: 2-тирк.
Бул алардын баалуу металлдардан жасалган көгүчкөндү олжого аларын да билдириши мүмкүн.
Эфиопия.