Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 66:1—20

66  Бүт жер жүзү, Кудайды салтанаттуу үн менен даңазала+.  Анын ысмын даңктап ырдагыла+, Аны мактап-даңктагыла+.  Кудайга мындай дегиле: «Сенин иштериң сестентет!+ Зор күч-кубатыңан улам душмандарың сага жагалданышат+.  Бүт жер жүзү сага таазим кылат+, Сени даңктап ырдайт, ысмыңды даңктап ырдайт+. (Села)  Келгиле, Кудайдын иштерин көргүлө!+ Анын адамдарга кылган иштери сестентет+.  Ал деңизди кургактыкка айланткан+, Алар дарыяны кечип өтүшкөн+; Ошол жерде биз анын иштеринен улам кубанганбыз+.  Ал кудурети менен түбөлүк башкарып келет+, Улуттардан көзүн албайт+. Ошон үчүн өжөрлөр кыйынсынбасын+. (Села)  Оо, элдер, Кудайды алкагыла+, Аны даңктаган үнүңөр угулсун+.  Ал жаныбызды сактап келет+, Бутубуздун чалынышына жол бербейт+. 10  Кудай, сен бизди текшердиң+, Бизди күмүштү тазалагандай тазаладың+, 11  Аңчынын торуна түшүрдүң+, Жонубузга оор жүк арттың. 12  Сен ажалдуу адамды башыбызга чыгардың+, Биз отко-сууга салындык+. Бирок сен жеңилдик бердиң+. 13  Мен үйүңө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды алып келем+, Сага берген убадаларымды аткарам+. 14  Ал убадаларды тилим менен бергем+, Башыма кыйынчылык түшкөндө оозум менен айткам+. 15  Бордолгон малдан сага бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалам+, Курмандыкка чалынган кочкорлордун түтүнүн багыштайм, Бука менен текелерди алып келем+. (Села) 16  Кудайдан корккондордун баары, келгиле, уккула+, Анын жаныма кылган жакшылыктарын айтып берем+. 17  Аны оозум чакырган+, Тилим даңазалаган+. 18  Эгер жүрөгүмдө кыянатчылык ойлоп жүргөн болсом, Жахаба үнүмдү укпайт+. 19  Кудай мени укту+, Үнүмө, тиленүүмө көңүл бурду+. 20  Тиленүүмдү четке какпаган, Мени мээримдүүлүгүнөн ажыратпаган Кудай даңкталсын!+ Башчыга. Кыл аспаптар үчүн. Забур, ыр.

Шилтемелер