Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 65:1—13

65  Оо, Кудай, Сиондогу даңк да+, үн катпастык да сенин алдыңда, Сага берилген убадалар аткарылат+.  Оо, тиленүүлөрдү Угуучу, сага ар кандай адамдар келет+.  Күнөөлөрүм мага үстөмдүк кылып жатат+. Сен кылмыштарымды кечиресиң+.  Короолоруңда жашашы үчүн+, Өзүң тандап алган, өзүңө жакындаткан адам бактылуу+. Сенин үйүңдүн жакшылыгына, Ыйык ибадатканаңдын+ баталарына моокумубуз канат+.  Сен бизге сестентерлик адил иштериң менен жооп бересиң+, Оо, куткаруучу Кудайыбыз+. Төгөрөктүн төрт бурчундагылар, алыскы деңиздегилер сага таянат+.  Ал өз күчү менен тоолорду бек орнотот+, Кудуретти курчанат+.  Деңиздердин күркүрөгөнүн+, Толкундардын күркүрөгөнүн, улуттардын дүрбөлөңүн басат+.  Алыскы жерлерде жашагандар сенин жышаандарыңан коркушат+, Сен күндүн чыгышына да, батышына да кубанычтуу үн салдырасың+.  Молчулук бериш үчүн жерге көңүлүңдү бурасың+, Аны абдан байытасың. Сен дарыяларды сууга толтурасың+, Адамга данын камдайсың+, Жерди ошентип даярдайсың+. 10  Анын айдоолору суу ичет, топурагы түздөлөт+. Жерди нөшөр менен жумшартасың, данына батаңды бересиң+. 11  Жылга жакшылыгыңды таажы кылып кийгизесиң+, Баскан изиңен май тамат+. 12  Чөлдүү жерлердеги жайыттардан май агат+, Адырлар кубаныч курчанат+. 13  Жайыттар мал менен көрктөнөт+, Өрөөндөр данга оронот+. Алар салтанаттуу үн салып, ырдашат+. Башчыга. Ыр, забур.

Шилтемелер