Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 64:1—10

64  Оо, Кудай, тынчсызданып жатканымда, үнүмдү ук+, Өмүрүмдү душмандын коркунучтуу чабуулунан сакта+.  Мени кара санатайлардын жашыруун кеңешинен+, Кыянаттык кылгандардын козголоңунан корго+.  Алар тилин кылычтай курчутуп+, Заар сөздөрүн жебедей камдап турушат+.  Айыпсызды жашыруун жайлардан атышат+, Байкатпай туруп атышат, коркушпайт+.  Ооздорунан жаман сөз түшпөйт+, Алар жашыруун тузак тартууну кеп кылышат+, «Ким көрмөк эле?» — дешет+.  Алар ыпыластык ойлошот+, Кылдат ойлонуп тапкан амалын жашырышат+, Ар биринин ички дүйнөсү, жүрөгү — терең сыр+.  Бирок Кудай аларды күтүлбөгөн жерден жебе менен атат+, Жарадар кылат+.  Алар башкаларды мүдүрүлтүшөт+, Бирок өзүлөрү тилинин азабын тартышат+, Аларды карап тургандардын баары баштарын чайкашат+.  Ошондо бардык адамдар коркуп+, Кудайдын иштери тууралуу айтышат+, Алар анын иштерин түшүнүшөт+. 10  Адил адам Жахабанын иштерине кубанат, аны баш маана кылат+, Жүрөгү тазалардын баары мактанышат+. Башчыга. Дөөтүнүн забуру. Ыр.

Шилтемелер