Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 63:1—11

63  Оо, Кудай, сен менин Кудайымсың, мен сени издеп жатам+. Жаным сени көксөйт+. Кагыраган, какшыган жерде+ Сени эңсеп, алдан тайдым.  Сени ыйык жерден карап+, Күчүң менен даңкыңа көз чаптырдым+.  Мээримдүүлүгүң өмүрдөн артык+, Ошондуктан оозум сени даңазалайт+.  Сени өмүр бою алкайм+, Колумду жогору көтөрүп, ысмыңды чакырам+.  Тамактын эң мыктысына, майлуусуна тойгондой, жанымдын моокуму канат+, Оозум сени даңазалап, кубанычтуу үн салат+.  Төшөгүмдө жатканда сени эстейм+, Түнкү күзөт маалдарында сен тууралуу ой жүгүртөм+.  Анткени сен мага жардам берип келесиң+, Мен сенин канатыңдын көлөкөсүндө шаттанам+.  Жаным сенин жолуңан чыкпайт+, Оң колуң мени бекем кармап турат+.  Ал эми жанымды алгысы келгендер+ Жердин түбүнө түшүшөт+. 10  Алар кылычтан кырылышат+, Түлкүлөргө жем болушат+. 11  Падыша болсо Кудайдын иштерине кубанат+, Аны оозанып ант бергендердин баары мактанышат+, Анткени калп айткандардын оозу жабылат+. Башчыга. Дөөтүнүн ыры.

Шилтемелер