Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 62:1—12

Башчыга. Жедутун. Дөөтүнүн ыры. 62  Менин жаным унчукпай, Кудайды күтөт+. Ал мени куткарат+.  Ал — менин аскам, куткаруучум, коопсуз чебим+. Мен олку-солку болбойм, кулабайм+.  Адамды өлтүрүүнү көздөп, качанга чейин кол сала бересиңер?+ Баарыңар кыйшайып калган дубалдайсыңар, урайын деп калган таш дубалдайсыңар+.  Алар адамдын кадыр-баркын түшүрүү үчүн кеңеш беришет+, Жалгандыкты жакшы көрүшөт+. Ооздору менен бата беришет, бирок ичинен каргашат+. (Села)  Оо, жаным, унчукпай, Кудайды күт+, Анткени мен андан үмүт кылам+.  Ал — менин аскам, куткаруучум, коопсуз чебим+. Мен олку-солку болбойм+.  Менин куткарылуум да, даңкым да Кудайдан+. Кудай — бекем аскам, баш маанам+.  Оо, адамдар, ага ар убак таянгыла+. Анын алдында жүрөгүңөрдөгүнү төккүлө+. Кудай — бизге баш маана+. (Села)  Адам баласы — дем+, Адам уулдары — жалгандык+. Таразага тартканда, баары биригип демден да жеңил болуп чыгат+. 10  Алдамчылыкка таянбагыла,+ Талап-тоноочулукка курулай ишенбегиле+. Мүлкүңөр көбөйө турган болсо, ага жүрөгүңөр байланбасын+. 11  Кудай бир жолу айтты, мен эки жолу уктум+: Күч Кудайга таандык+. 12  Оо, Жахаба, мээримдүүлүк да сага таандык+. Сен баарына иштерине жараша тиешесин бересиң+.

Шилтемелер