Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 61:1—8

Башчыга. Кыл аспаптар үчүн. Дөөтүнүн забуру. 61  Оо, Кудай, жалбарган үнүмдү ук+, Тиленүүмө көңүл бур+.  Жүрөгүмдөн дарман кеткенде, жер кыйырынан сени чакырам+, Мени өзүм чыга алгыс бийик аскага чыгар+.  Сен мага баш маана+, Душмандын көз алдында бекем мунара болдуң+.  Мен сенин чатырыңда түбөлүккө конок болом+, Канатыңдын алдына корголойм+. (Села)  Оо, Кудай, сен убадаларымды уктуң+, Мага өз ысмыңдан корккондордукундай мурас бердиң+.  Сен падышанын күндөрүнө күн кошосуң+, Анын өмүрү муундан муунга созулат+.  Ал Кудайдын алдында түбөлүк жашайт+; Мээримдүүлүгүң менен чындыгыңа аны коргоону буйру+.  Мен болсо ысмыңды түбөлүк даңктап ырдайм+, Убадаларымды ар күнү аткарам+.

Шилтемелер