Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

Тилди тандаңыз кыргыз

Забур 60:1—12

Башчыга. Эске салуу лилиясы. Миктам. Дөөтүнүн забуру. Окутуу үчүн+. Ал Арам-Нагарайым, Арам-Соба элдери менен салгылашып жатканда, Жоап кайтып келип, Туздуу өрөөндө эдомдуктардын он эки миңин кырганда+. 60  Кудай, сен бизди таштап кеттиң, катарыбызды талкаладың+,Каарың кайнады. Эми бизди кайра тургуз+.  Сен жерди солкулдаттың, жарака кетирдиң+.Анын жаракаларын бүтө, анткени ал титиреп жатат+.  Сен элиңдин кыйынчылыкка туш болушуна жол бердиң+.Бизге шарап ичирип, теңселттиң+.  Жаадан буйтап качышы үчүн,Өзүңөн корккондорго белги бердиң+. (Села)  Сүйүктүүлөрүң аман калышы үчүн+,Бизди оң колуң менен куткар, бизге жооп бер+.  Кудай ыйыктыгы менен мындай деди+:«Мен шаттанам, Шекемди үлүшкө берем+,Сукот өрөөнүн өлчөйм+.  Гилат да, Менаше да меники+,Эпрайым — мен дайындаган башчынын чеби,Жүйүт — бийлик таягым+.  Маап — чылапчыным+.Эдомго сандалымды ыргытам+.Пелиштиге жеңиш үнү менен кыйкырам»+.  Мени курчоого алынган шаарга ким киргизет?+Эдомго ким жеткирет?+ 10  Оо, Кудай, өзүң эмеспи? Сен бизди таштап кеттиң+,Оо, Кудай, аскерлерибиз менен салгылашка чыкпай калдың+. 11  Бизди азаптан арылтып, жардам бер+,Анткени пенденин куткаруусу куру бекер+. 12  Биз Кудайдан күч алабыз+,Душмандарыбызды ал өзү тебелейт+.

Шилтемелер