Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 6:1—10

6  Оо, Жахаба, мени ачууң менен ашкерелебе+, Каарың менен оңдоп-түзөбө+.  Мага ырайым кыл, Жахаба, себеби алдан тайып баратам+. Мени айыктыр+, Жахаба, анткени сай-сөөгүм сыздап жатат.  Жанымды коёрго жай таппай, абдан кыйналдым+. Качанга чейин азап тартам, Жахаба?+  Кайрылып кел+, оо, Жахаба, жанымды куткар+, Мени мээримдүүлүгүң үчүн сакта+.  Анткени сени өлгөндөрдүн бири да эстебейт+, Көрдө* сени ким даңктайт?+  Үшкүрүнө берип алым кетти+, Түнү бою жаткан жерим көз жашка чыланып+, Төшөгүм суу болуп чыгат+.  Кайгыдан көзүм соолуп+, Душмандарымдын айынан курчу кетти+.  Кыянаттык кылгандардын баары, жаныман кеткиле+, Анткени Жахаба ыйымды угат+.  Ырайым кылышын өтүнгөнүмдө, Жахаба угат+. Жахаба тиленүүмдү кабыл алат+. 10  Душмандарымдын баары катуу уят болушат+, айласын таппай калышат, Алар артка чегинип, ошол замат уятка калышат+. Бенжемин уруусунан чыккан Куштун сөздөрүнөн улам Дөөтүнүн Жахабага зарлап ырдаган ыры.

Шилтемелер

Евр. шеол. Кара: 8-тирк.