Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 59:1—17

59  Оо, Кудайым, мени душмандарыман куткар+, Мага каршы чыккандардан корго+.  Кыянаттык кылгандардан куткар+, Канга забын болгондордон сакта.  Оо, Жахаба, эч кандай кылмыш, эч кандай күнөө кылбасам да+, Алар жанымды алуу үчүн мени аңдып жүрүшөт+, Күчтүүлөр мага кол салып жатышат+.  Айыбым жок болсо да, топтошуп, даярданып жатышат+. Чакырганымда, ордуңан тур, мага көңүл бур+.  Оо, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, сен Ысрайылдын Кудайысың+. Ойгонуп, бардык элдерге назарыңды сал+. Кара ниет чыккынчылардын бирине да ырайым кылба+. (Села)  Алар кечинде кайтып келишет+, Иттердей үрүп+, шаарды айланып жүрүшөт+.  Мына, алардын оозунан арам сөз чыгат+, Тилдеринде кылыч бар+. Алар: «Ким укмак эле?» — дешет+.  Бирок сен, Жахаба, аларды күлкү кыласың+, Бардык элдерди шылдыңдайсың+.  Оо, менин Күчүм, сенден көзүмдү албайм+; Кудай — менин коопсуз чебим+. 10  Мага мээримдүүлүк көрсөткөн Кудай алдыман тосуп чыгат+, Кудай мага душмандарымдын кулаганын көрсөтөт+. 11  Элим унутуп калбашы үчүн, аларды өлтүрбө+. Кубатың менен тентитип жибер+, Аларды кулат, калканыбыз Жахаба+. 12  Тилдери менен баткан күнөөсү, ооздорунан чыккан сөздөрү үчүн+, Кайра-кайра айткан каргышы, калпы үчүн Алар текебердиги менен тузакка түшсүн+. 13  Каарың менен аларды тыптыйпыл кыл+, Тыптыйпыл кыл, жок болушсун, Кудайдын Жакыптан тартып жердин учу-кыйырына чейин бийлик жүргүзүп жатканын билишсин+. (Села) 14  Алар кечинде кайтып келишсин, Иттердей үрүп, шаарды айланып жүрүшсүн+. 15  Тамак издеп каңгып калышсын+, Курсактары тойбосун, түнөгөнгө жай табышпасын+. 16  Мен болсо сенин күчүңдү даңазалап ырдайм+, Эртең менен мээримдүүлүгүңдү кубана жар салам+. Анткени сен мага коопсуз чеп+, Башыма кыйынчылык түшкөн күнү баш калкалаар жай болдуң+. 17  Оо, менин Күчүм, сени даңктап ырдайм+. Кудай — коопсуз чебим, мага мээримдүүлүк көрсөткөн Кудайым+. Башчыга. Эске салуу лилиясы. Миктам. Дөөтүнүн забуру. Окутуу үчүн+. Ал Арам-Нагарайым, Арам-Соба элдери менен салгылашып жатканда, Жоап кайтып келип, Туздуу өрөөндө эдомдуктардын он эки миңин кырганда+.

Шилтемелер