Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 58:1—11

Башчыга. «Мени жок кылба». Дөөтүнүн забуру. Миктам. 58  Унчукпасаңар, адилдик жөнүндө айта аласыңарбы?+ Акыйкат өкүм чыгара аласыңарбы, оо, адамдар?+  Жок. Силер жер үстүндө баш-отуңар менен ыймансыздыкка берилип+, Колуңар менен кыянаттык кылууга жол даярдап жатасыңар!+  Ыймансыздар энесинин ичинен чыккандан тартып эле бузулган+, Төрөлгөндөн баштап эле түз жолдон чыккан. Алардын сүйлөгөнү — калп+,  Уусу жыландын уусундай+. Алар кулагын жаап алган чекир жыландай* дүлөй+,  Арбоочулардын үнүн укпаган+, Арбоосу күчтүү болсо да, тоготуп койбогон чекир жыландай+.  Оо, Кудай, алардын тиштерин талкала+, Оо, Жахаба, жалдуу жаш арстандардын жаагын сындыр.  Алар агын суудай агып жок болушсун+, Ал жебелери үчүн жаасын ийгенде, алар кулашсын+.  Алар кургап бараткан үлүлдөй. Бойдон түшкөн түйүлдүккө окшоп, күндүн нурун көрүшпөйт+.  Казаныңар күйүп жаткан тикенектин табын сезгенче+, Ал күйүп жатканын да, көк сабактарын да катуу шамал менен учургандай учуруп кетет+. 10  Адил адам ыймансыздардан өч алынганын көрүп сүйүнөт+, Алардын канына бутун жууйт+. 11  Ошондо адамзат+: «Чынында эле, адил адамга сыйлык берилет экен+, Чынында эле, жерди соттой турган Кудай бар экен»,— дейт+.

Шилтемелер

Кобра.