Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 57:1—11

57  Ырайым кыл мага, оо, Кудай, ырайым кыл+. Анткени жаным сенден баш маана тапты+, Кыйынчылыктар артта калганга чейин сенин канатыңа корголоюн+.  Мен Эң Жогорку Кудайга, мени алардан арылта турган чыныгы Кудайга кайрылам+.  Ал асмандан жардам жиберип, мени куткарат+, Мага тишин салганды маң кылат+. (Села) Кудай мээримдүүлүгүн көрсөтөт, чындыгын жиберет+.  Жаным арстандардын арасында+. Мен башкаларды жеп-жуткан адамдардын арасында жатам. Алардын тиштери — найза менен жебе+, Тилдери — курч кылыч+.  Оо, Кудай, даражаң асмандан да жогору көтөрүлсүн+, Даңкың бүт жер үстүндө болсун+.  Алар менин бутума тор жайышты+, Жаным кыйналды+. Алдыма ор казышты, Бирок ага өздөрү түштү+. (Села)  Оо, Кудай, жүрөгүм бекем+, Жүрөгүм бекем. Сени даңктап ырдайм, обон салам+.  Ойгон, жүрөгүм*+, Ойгон, кыл аспап, сен да ойгон, арфа+. Мен таңды ойготом.  Оо, Жахаба, сени элдердин арасында даңазалайм+, Улуттардын арасында даңктап ырдайм+. 10  Анткени сенин мээримдүүлүгүң улуу, асманга жетет+, Чындыгың көккө жетет+. 11  Оо, Кудай, даражаң асмандан да жогору көтөрүлсүн+, Даңкың бүт жер үстүндө болсун. Башчыга. «Мени жок кылба». Дөөтүнүн забуру. Миктам.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «даңкым».