Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

Тилди тандаңыз кыргыз

Забур 56:1—13

Башчыга. Алыстагылардын арасындагы үндөбөгөн көгүчкөн. Дөөтүнүн забуру. Миктам. Аны Гаттан пелиштиликтер кармап алганда+. 56  Оо, Кудай, мага ырайым кыла көр, анткени ажалдуу адам тишин салып жатат+,Эртеден кечке салгылашып, кысым көрсөтүп жатат+.  Душмандарым күнү бою мага тишин салып жатышат+,Менменсинип каршы чыккандар көбөйдү+.  Бирок, мени качан коркунуч баспасын, сага таянам+.  Кудай менен биримдикте болгондуктан анын сөзүн даңазалайм+.Кудайга таянып, коркпойм+,Адам мага эмне кыла алат?+  Алар күнү бою иштериме залакасын тийгизишет,Мага жамандык кылууну ойлошот+.  Алар кол салышат, жашырынып жатышат+,Жанымды алууну көздөп+,Ар бир кадамымды аңдышат+.  Оо, Кудай, кыянаттыгы үчүн аларды четке как+,Элдерди каарың менен тыптыйпыл кыл+.  Сен менин качкын болгон күндөрүмдү жазып жүрөсүң+.Көз жашымды чаначыңа сактап кой+.Анын баары китебиңе жазылган эмеспи?+  Мен сени чакырган күнү душмандарым артка чегинет+.Кудайдын мен тарапта экенин билем+. 10  Кудай менен биримдикте болгондуктан+ анын сөзүн даңазалайм.Жахаба менен биримдикте болгондуктан анын сөзүн даңазалайм+. 11  Кудайга таянып, коркпойм+,Пенде мага эмне кыла алат?+ 12  Оо, Кудай, сага берген убадаларымды аткарам+,Сага ыраазычылык курмандыктарын чалам+. 13  Анткени Кудайдын алдында, тирүүлөрдүн жарыгында жүрүшүм үчүн+,Сен жанымды өлүмдөн куткардың+,Бутумду мүдүрүлүүдөн сактадың+.

Шилтемелер