Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 55:1—23

55  Оо, Кудай, тиленүүмө кулак сал+, Ырайым кылышыңды өтүнгөнүмдө, артыңды салба+.  Мага назар салып, жооп бере көр+. Тынчым кетип, өзүмдү коёрго жер таппай+, Санаам санга бөлүнүп жатат.  Душмандын үнүнөн, ыймансыздын кысымынан улам ичим уйгу-туйгу болуп жатат+. Анткени алар мага кыянаттык кылып+, Каарданып, кастык ойлоп жатышат+.  Көкүрөгүмдө жүрөгүм сыздап+, Мени өлүм коркунучтары каптады+.  Коркунуч, калтырак басты, Бүткөн боюм титиреп чыкты+.  Мен мындай дедим: «Көгүчкөндүкүндөй канатым болсо кана!+ Алыска учуп кетип, ошол жакта жашамакмын+.  Алыска учуп барып+, Чөлдү турак кылмакмын+. (Села)  Куюндаган шамалдан, бороондон качып+, Баш калкалоочу жайга шашылмакмын».  Оо, Жахаба, бири-биринин тилин түшүнбөй калышы үчүн, аларды дүрбөлөңгө сал+, Анткени шаардан зордук-зомбулукту, уруш-талашты көрүп жатам+. 10  Алар шаар дубалдарынын үстүндө күнү-түнү басып жүрүшөт+, Шаарда болсо кыянаттык, кыйынчылык өкүм сүрүп жатат+. 11  Анын ичинде мүшкүл көп, Аянтынан кысымчылык, алдамчылык кетпейт+. 12  Мени кордогон киши душманым эмес+, Аны го көтөрмөкмүн. Мага кыйынсынган адам мени жек көргөн бирөө эмес+, Андан го жашынып калмакмын+. 13  Бирок ошол сен болуп чыктың, мага теңдеш ажалдуу адам+, Жакын досум, жан курбум+. 14  Экөөбүз ынак мамиледе болчубуз+, Эл менен бирге Кудайдын үйүнө барчубуз+. 15  Душмандарым кыйратылсын!+ Алар тирүүлөй көргө* түшсүн+, Анткени, каякта жашашпасын, жүрөктөрүн жамандык уялаган+. 16  Ал эми мен Жахаба Кудайды чакырам+, Ал мени куткарат+. 17  Кечинде да, эртең менен да, түштө да тынчым кетип, онтойм+, Ал болсо үнүмдү угат+. 18  Душмандарым мага каршы топ-топ болуп чыкса да+, Кудай жанымды алардын чабуулунан куткарат, бейпилдикке бөлөйт+. 19  Кудай угуп, аларга каршы чыгат+, Ал байыркы убактардан бери тактыда отурат+. (Села) Кудай өзгөрүлгүсү келбегендерге+, Андан коркпогондорго каршы чыгат+. 20  Менин досум өзү менен тынчтыкта болгондорго кол салды+, Түзгөн келишимин бузду+. 21  Оозундагы сөздөрү майдан жумшак+, Жүрөгү болсо салгылашууга даяр+. Сөздөрү зайтун майынан жагымдуу+, Бирок алар жалаңдаган кылычтай+. 22  Жүгүңдү Жахабага арт+, Ошондо ал сени колдойт+. Ал адил адамдын олку-солку болушуна эч качан жол бербейт+. 23  Сен, Кудайым, ыймансыздарды көргө түшүрөсүң+. Канга забын болгондор менен алдамчылар өмүрүнүн жарымын да жашабайт+. Ал эми мен сага таянам+. Башчыга. Алыстагылардын арасындагы үндөбөгөн көгүчкөн. Дөөтүнүн забуру. Миктам. Аны Гаттан пелиштиликтер кармап алганда+.

Шилтемелер

Евр. шеол. Кара: 8-тирк.