Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 53:1—6

53  Акылсыз адам жүрөгүндө: «Жахаба жок»,— дейт+. Андай адамдар ыймансыздык менен залакалуу, жийиркеничтүү иштерди кылышат+. Бири да жакшылык кылбайт+.  Кудайды издеген, түшүнүгү бар бирөө бар болду бекен деп+, Жахаба адам баласына асмандан көз салды+.  Алардын баары жолдон адашкан, баары бирдей бузулган+, Арасында жакшылык кылган бир да адам жок+, Бирөө да жок.  Кыянаттык кылгандардын бири да түшүнгөн жокпу?+ Алар элимди нан жегендей жеп-жутуп жатышат+. Алар Жахабаны чакырышкан жок+.  Коркунуч жок жерден+ Аларды катуу коркунуч басты+, Анткени Кудай сага кол салгандардын сөөктөрүн чачат+. Сен баарын уяткарасың, анткени аларды Жахаба четке какты+.  Ысрайылга Сиондон улуу куткаруу келсе кана!+ Жахаба элинин туткунда жүргөндөрүн кайтарып келгенде+, Жакып сүйүнсүн, Ысрайыл кубансын!+ Башчыга. Кыл аспаптар үчүн. Маскил. Дөөтүнүн забуру. Зиптиктер келип, Шабулга: «Дөөтүнүн биз жакта жашынып жүргөнүн билбейсиңби?»+ — дешкен убакта жазылган.

Шилтемелер