Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 52:1—9

52  Кыянат ишиң менен эмнеге мактанасың, зулум?+ Кудайдын мээримдүүлүгү күнүгө көрсөтүлөрүн билбейсиңби?+  Тилиң устарадай курч+, Кара ниеттик кылат, калп сүйлөйт+.  Сен жакшылыкка караганда жамандыкты+, Адилдикке караганда жалгандыкты жакшы көрөсүң+. (Села)  Оо, жалган сүйлөгөн тил+, Сен адамды жеп-жута турган сөздөрдү жакшы көрөсүң+.  Ошон үчүн Кудай сени түбөлүккө кулатат+, Жер кучактатат, чатырыңдан сүйрөп чыгат+, Тирүүлөр жашаган жерден тукум курут кылат+. (Села)  Адил адамдар көрүп, коркуп калышат+, Кыянатчылга күлүшөт+.  Андай адам Кудайды чебиндей көрбөйт+, Байлыгынын молдугуна таянат+, Башкаларга кылган кыянаттыгына үмүт артат+.  Мен болсо Кудайдын үйүндөгү мөмөлүү зайтун дарагындаймын+, Кудайдын мээримдүүлүгүнө кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө таянам+.  Сени кылган иштериң үчүн түбөлүк даңктайм+, Ишенимдүү кызматчыларыңдын алдында ысмыңа үмүт артам, анткени сенин иштериң жакшы+. Башчыга. Махалат*+. Маскил. Дөөтүнүн забуру.

Шилтемелер

Еврей тилиндеги музыкалык термин. Так мааниси белгисиз.