Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 51:1—19

51  Оо, Кудай, мага мээримдүүлүгүң менен ырайым кыл+, Чексиз мээримдүүлүгүң менен кылмыштарымды өчүр+.  Айыбымды тазарта жуу+, Мени күнөөмдөн тазала+.  Мен кылган кылмыштарымды билем+, Күнөөм ар дайым көз алдымда+.  Мен өзүңө каршы, бир өзүңө каршы күнөө кылдым+, Көз алдыңда жамандыкка бардым+, Ошон үчүн сен сүйлөгөндө адилсиң+, Өкүм чыгарганда тазасың+.  Мына, мен күнөөкөр болуп төрөлгөм+, Энемдин боюна бүткөндөн тартып эле күнөөкөрмүн+.  Сен жүрөктөгү ишенимдүүлүктү жакшы көрөсүң+, Мага акылмандыкты жан дүйнөм менен туюуга жардам бер+.  Таза болушум үчүн, күнөөмөн иссоп өсүмдүгү менен тазала+, Кардан ак болушум үчүн, мени тазарта жуу+.  Мага шаттык менен кубаныч үнүн уктур+, Сен талкалаган сөөктөрүм сүйүнсүн+.  Күнөөлөрүмдөн жүзүңдү бур+, Айыбымдын баарын өчүр+. 10  Оо, Кудайым, мага таза жүрөк сал+, Ичиме жаңы, туруктуу рух сал+. 11  Менден жүзүңдү бурба+, Ыйык рухуңду* ала көрбө+. 12  Куткарууң менен мени кайрадан сүйүнт+, Тилиңди алууга дилгир кыл+. 13  Мыйзам бузгандарга сенин жолдоруңду үйрөтөм+, Ошондо күнөөкөрлөр сага кайтып келишет+. 14  Мени кан төккөндөгү айыбыман куткар+, оо, Кудай, куткаруучу Кудайым+, Ошондо тилим адилдигиңди кубаныч менен жар салат+. 15  Оо, Жахаба, тилимди сүйлөт+, Оозум сени даңктасын+. 16  Сен курмандыкты каалабайсың, болбосо курмандык чалмакмын+, Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка кубанбайсың+. 17  Кудайга жаккан курмандык — жараланган рух+, Оо, Кудай, сен жараланган, кыйналган жүрөктү четке какпайсың+. 18  Өз ырайымың менен Сионго жакшылык кыл+, Иерусалимдин дубалдарын тургуз+. 19  Ошондо адилдик менен чалынган курмандыктарга+, Бүтүндөй өрттөлгөн, бүтүн чалынган курмандыктарга кубанасың+. Ошондо курмандык жайыңа букаларды алып келишет+. Башчыга. Маскил. Дөөтүнүн забуру. Эдомдук Доек Шабулга барып, Дөөтүнүн Акимелектин үйүнө келип кеткенин айтканда жазылган+.

Шилтемелер

1896-беттеги «Сөздүктү» кара.