Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 50:1—23

50  Кудуреттүү Кудай+, Жахаба+, сүйлөй баштады+, Жер жүзүн чакырып+, Күн чыгыштан күн батышка чейин үн салды+.  Көркү жеткилең Сиондон+ Кудай жаркырады+.  Кудайыбыз келет, ал унчукпай койбойт+. Анын алдында — баарын жалмоочу от+, Айланасында — алай-дүлөй түшкөн катуу шамал+.  Өз элине чыгарган өкүмүн ишке ашыруу үчүн+, Ал жогорудагы асманга да, жерге да кайрылып+:  «Мени менен курмандыктын негизинде келишим түзгөндөрдү+, Ишенимдүү кызматчыларымды жаныма чогулткула»+,— деп жатат.  Асман анын адилдигин жар салууда+, Анткени Кудай — Сот+. (Села)  «Кулак сал, элим, мен сүйлөйм+, Ысрайыл, сага каршы күбөгө өтөм+. Мен Кудаймын, сенин Кудайыңмын+.  Сени курмандыктарың үчүн да+, Ар дайым алдымда турган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарың үчүн да жемелеген жокмун+.  Сенин үйүңөн бука да+, Корооңон теке да албайм. 10  Анткени токойдогу бүт жапайы жаныбарлар+, Миңдеген тоолордогу айбандар меники+. 11  Мен тоодогу бардык канаттууларды билем+, Талаадагы сансыз жаныбарлар да меники+. 12  Эгер ачка болсом, сага айтмак эмесмин, Анткени жер жүзү+ жана андагынын баары меники+. 13  Мен семиз букалардын этин жемек белем+, Текелердин канын ичмек белем?+ 14  Кудайга курмандык иретинде ыраазычылык билдир+, Эң Жогорку Кудайга берген убадаларыңды аткар+. 15  Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү мени чакыр+. Мен сени куткарам, ошондо мени даңктайсың»+. 16  Ыймансызга болсо Кудай мындай дейт+: «Менин буйруктарымды жарыялоого+, Келишимимди оозанууга кандай укугуң бар?+ 17  Сен акыл-насаатты* жек көрүп+, Сөздөрүмдү тоготпой жатасың+. 18  Ууруну көргөндө аны жактагансың+, Ойноштук кылгандарга шерик болгонсуң+. 19  Оозуң жамандыкты сүйлөйт+, Тилиң калп сөздөрдөн арылбайт+. 20  Отуруп алып бир тууганыңа каршы сүйлөйсүң+, Өз энеңдин уулун жамандайсың+. 21  Ушунун баарын кылсаң да, унчукпай келдим+. Мени өзүңдөй көрдүң+. Ошон үчүн бетиңди ачып+, сага каршы доомду айтам+. 22  Кудайды унуткандар, мына ушуну түшүнгүлө+, Болбосо силерди жок кылам, куткарып алар эч кимиңер болбойт+. 23  Ким мага курмандык иретинде ыраазычылык билдирсе, ал мени даңктаган болот+. Ким түз жолдон чыкпаса, Ага Кудайдын куткаруусун көрсөтөм»+. Башчыга. Дөөтүнүн Батшебага+ жакындагандан кийин Натан пайгамбар келип кеткенде жазган ыры.

Шилтемелер

Бул жерде «акыл-насаат» деп которулган сөз түп нускада кеңири мааниге ээ. Аны «жаза, билим, оңдоп-түзөө, үндөө, эскертүү, кеңеш» деп да которууга болот.