Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 5:1—12

Башчыга. Нехилот*. Дөөтүнүн ыры. 5  Оо, Жахаба, сөздөрүмдү уга көр+, Үшкүрүгүмдү түшүнө көр.  Зарлап жардам сураганыма көңүл бура көр+, Оо, Падышам+, Кудайым, анткени сенден тиленип жатам+.  Оо, Жахаба, үнүмдү таң заардан ук+, Таң эртеден сага кайрылып, сени күтөм+.  Себеби сен ыймансыздыкты жаман көргөн Кудайсың+, Кара ниет эч качан жаныңда турбайт+.  Мактанчаактар сенин көз алдыңда турбайт+, Сен кыянаттык кылгандардын баарын жек көрөсүң+,  Калп айткандарды жок кыласың+. Кан төккөн+, митаам кишиден+ Жахаба жийиркенет.  Мен болсо улуу мээримдүүлүгүң*+ менен Үйүңө кирем+, Сенден коркуп, ыйык ибадаткананы карап таазим кылам+.  Оо, Жахаба, мени адилдигиң менен жетекте+, душмандарыман корго+, Жолуңда мүдүрүлбөй баскыдай кыл+.  Алардын оозунан чыккан сөзгө ишенип болбойт+, Алардын жүрөгү бузукулукка толгон+. Кекиртеги — оозу ачык мүрзө+. Алар куулана сүйлөшөт+. 10  Кудай аларды күнөөлүү деп табат+, Алар өз ой-ниеттеринин кесепетинен ойрон болот+. Кылмыштары көп болгондуктан, алар туш тарапка чачырап кетишсе экен+, Анткени сага каршы чыгышты+. 11  Сени баш маана кылгандардын баары кубанышат+, Түбөлүккө салтанаттуу үн салышат+. Сен аларды коргойсуң. Ысмыңды жакшы көргөндөр сенин алдыңда кубанышат+. 12  Себеби сен адил адамдарга бата бересиң+, оо, Жахаба, Ырайымың аларды чоң калкан+ сымал коргойт+.

Шилтемелер

Так мааниси белгисиз. Үйлөмө аспаптын же музыкалык чыгарманын бир түрү болушу ыктымал.
1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.