Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 48:1—14

48  Жахаба Кудайыбыз өз шаарында+, ыйык тоосунда+ Улуу, чексиз даңкка татыктуу+.  Көз жоосун алган бийик шаар, жер жүзүнүн кубанычы+ Алыскы түндүктөгү Сион тоосу+, Улуу Падышанын шаары+.  Анын мунаралуу чебинде Кудай — баш маана+.  Мына, падышалар макулдашып, чогулушту+, Алар кыя өтүп кетишти+.  Шаарды көрүп, аң-таң болушту, Дүрбөлөңгө түшүп, артка качышты+.  Ал жактан аларды калтырак басты+, Толгоо тарткан аялдай кыйналышты+.  Сен чыгыш шамалы менен Таршыш кемелерин кыйратасың+.  Асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын шаарынан, Кудайыбыздын шаарынан+, Эмнени уксак, ошону көрдүк+. Кудай ал шаарды түбөлүккө бекемдейт+. (Села)  Оо, Кудай, биз ибадатканаңдын ичинде+ Мээримдүүлүгүң жөнүндө ой жүгүртчүбүз+. 10  Оо, Кудай, ысмың да+, даңкың да Жердин учу-кыйырына жетет. Сенин оң колуң адилдикке толгон+. 11  Өкүмдөрүңдөн улам+ Сион тоосу+ шаттансын, Жүйүттүн карамагындагы шаарлар* кубансын+. 12  Сионду айланып, аны кыдырып чыккыла+, Мунараларын санап чыккыла+. 13  Көңүлүңөрдү анын коргоо дөбөсүнө бургула+. Келерки муунга айтып бериш үчүн+ Мунаралуу чебин карап чыккыла. 14  Анткени бул Кудай — кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө биздин Кудай+. Ал бизди өмүрүбүздүн акырына чейин жетектеп жүрөт+. Башчыга. Корактын+ уулдарынын забуру. Ыр.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «кыздар».