Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 47:1—9

47  Бардык элдер, алакан чапкыла+. Кудайга салтанаттуу үн менен, кубанычтуу үн менен ырдагыла+.  Анткени Жахаба, Эң Жогорку Кудай, коркуу сезимин туудурат+, Ал — жер жүзүнүн улуу Падышасы+.  Ал бизге элдерди баш ийдирет+, Улуттарды бут алдыбызга жыгат+,  Бизге мурас тандайт+, Өзү жакшы көргөн Жакыптын сыймыгын тандайт+. (Села)  Кудай кубанычтуу үн менен+, Жахаба мүйүз сурнайдын коштоосу менен жогору көтөрүлдү+.  Кудайды даңктап ырдагыла, обон салгыла+, Падышабызды даңктап ырдагыла, обон салгыла.  Анткени Кудай — жер жүзүнүн Падышасы+. Обон салгыла, эстүүлүк менен иш кылгыла+.  Кудай элдердин үстүнөн падыша болду+, Кудай ыйык тактысына отурду+.  Ыбрайымдын+ Кудайынын эли менен Башка элдердин аттуу-баштуу кишилери чогулду+, Анткени жердин калкандары* Кудайга таандык+, Ал абдан бийик көтөрүлдү+. Ыр. Корактын+ уулдарынын забуру.

Шилтемелер

Сыягы, элди башкаргандар же коргогондор.