Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 46:1—11

46  Кудай — биздин баш маанабыз, күчүбүз+, Кыйынчылык учурунда тез жардам берүүчүбүз+.  Ошондуктан, жер астын-үстүн болсо да+, Тоолор жылып, деңиздин түбүнө чөксө да, коркпойбуз+.  Деңиздин суулары көбүктөнүп, долуланса да+, Алай-дүлөй түшүп, тоолорду солкулдатса да, коркпойбуз+. (Села)  Кудайдын шаарын+, Эң Жогорку Кудайдын ыйык, улуу чатырын+ Дарыя салаалары кубанычка бөлөйт.  Кудай анын ортосунда+. Ал шаар солк этпейт+. Кудай ага таң заардан жардам көрсөтөт+.  Элдер толкуп+, падышалыктар солкулдады. Анын үнү угулуп, жер эриди+.  Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба биз менен+, Жакыптын Кудайы — биз үчүн коопсуз чеп+. (Села)  Келгиле, Жахабанын иштерин+, Жер жүзүндөгү укмуштуу иштерин көргүлө+.  Ал жердин учу-кыйырына чейин согуштарды токтотот+, Жааны сындырып, найзаны талкалайт+, Согуш арабаларын отко жагат+. 10  «Моюн сунгула, Кудай экенимди билгиле+. Мен элдер арасында даңазаланам+, Жер жүзүндө даңазаланам»+. 11  Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба биз менен+, Жакыптын Кудайы — биз үчүн коопсуз чеп+. (Села) Башчыга. Корактын уулдарынын забуру. Ыр.

Шилтемелер