Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 42:1—11

42  Марал сууну эңсегендей, Менин жаным да сени эңсейт, оо, Кудайым+.  Жаным Кудайды, тирүү Кудайды+, көксөйт+. Качан Кудайдын алдына барып, алдында турам?+  Керээли-кечке мага: «Кудайың кана?» — дешкенде+, Көз жашым мага күнү-түнү тамак ордуна болгон+.  Мурунку күндөрдү эстегенде, жан дүйнөм суудай төгүлөт+. Анткени мен калың элдин арасында жүрчүмүн, Майрамдап жаткан элдин үнүн+, Кубанычтуу үнүн, ыраазычылыгын угуп+, Аларды Кудайдын үйүнө баштап барчумун+.  Оо, жаным, эмнеге үмүтүңдү үзүп+, Эмнеге уйгу-туйгу болуп жатасың?+ Кудайды күт+, Анткени мен аны улуу куткаруучум катары дагы да даңктайм+.  Оо, Кудайым, жаным үмүтсүздүктөн жабыркап жатат+. Иордан жеринен, Хермон чокуларынан+, Жапыз тоодон+ Сени эстеп жатам+.  Сууларыңдын күркүрөгөнү угулганда, Суу туңгуюктары суу туңгуюктарын чакырат. Долуланган толкундарыңдын баары+ Мени жаба каптады+.  Жахаба күндүз мээримдүүлүгүн жиберет+, Түнкүсүн ал жөнүндө ыр ырдайм+, Өмүрүмдүн Кудайынан тиленем+.  Мен Кудайга, аска-зоомо+: «Эмне үчүн мени унуттуң?+ Эмне үчүн душмандын кысымынан кайгы тартып жүрөм?» — дейм+. 10  Душмандарымдын кордоосунан улам сөөктөрүм талкаланып жатат+, Алар керээли-кечке мага: «Кудайың кана?» — деп жатышат+. 11  Жаным, эмнеге үмүтүңдү үзүп+, Эмнеге уйгу-туйгу болуп жатасың?+ Кудайды күт+, Анткени мен аны улуу куткаруучум, Кудайым катары дагы да даңктайм+.

Шилтемелер