Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 41:1—13

41  Бей-бечарага жардам берген адам бактылуу+, Алаамат күнү Жахаба аны куткарат+.  Жахаба аны коргойт, тирүү калтырат+; Ал жер үстүндө бактылуу деп аталат+. Сен аны душмандарынын колуна салып бербейсиң+.  Ал ооруп, төшөктө жатканда, Жахаба колдойт+; Ооруп жатканында, сен ага кам көрөсүң+.  Мен: «Оо, Жахаба, мага ырайым кыл+. Жанымды айыктыр, анткени сага каршы күнөө кылдым»,— дедим+.  Душмандарым мени жамандап жатышат+. «Бул деги качан өлөт, аты качан өчөт?» — деп жатышат.  Кимдир бирөө мени көргөнү келсе, жүрөгү калпты сүйлөйт+, Мага кыянаттык кылуунун амалын издейт, Сыртка чыгары менен, ошону кеп кылат+.  Мени жек көргөндөр биригип, өз ара шыбырашып+, Мага жамандык кылууну ойлоп жатышат+.  «Мунун башына жамандык* түштү, Минтип жатып калды, кайра турбайт»,— деп жатышат+.  Мени менен тынчтыкта болгон, мен ишенип келген+, Нанымды жеп жүргөн киши+ да мага каршы чыкты*+. 10  Оо, Жахаба, мага ырайым кыл, мени тургуз+, Аларга тиешесин берейин+. 11  Душманым мени жеңип кубанбаса+, Сага жагарымды билем. 12  Кынтыксыз болгонум үчүн сен мени колдоп келдиң+, Жүз алдыңа мени түбөлүк коёсуң+. 13  Ысрайылдын Кудайы Жахаба+ Түбөлүктөн түбөлүккө даңкталсын+. Оомийн, оомийн+. ЭКИНЧИ КИТЕП (42—72-забурлар) Башчыга. Корактын+ уулдары үчүн Маскил.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «эч нерсеге жарабаган нерсе».
Сөзмө-сөз: «согончогун көтөрдү».