Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 40:1—17

40  Мен Жахабага ынтызарлык менен үмүт арткам+, Ошондуктан ал мага кулак салып, зар-муңумду укту+.  Мени суусу күркүрөгөн аңдан+, Сормо саздан чыгарды+, Бутумду аскага койду+, Кадамдарымды бекемдеди+.  Оозума жаңы ыр, Кудайыбызды даңктоо ырын салды+. Муну көптөр көрүп, Жахабадан коркушат+, Ага таянышат+.  Жахабага таянган+, Баш ийбестерге кошулбаган, Жалгандыкка оогондорго кошулбаган адам бактылуу+.  Оо, Жахаба Кудайым, сен көп иштерди жасадың+, Сенин кереметтериң, биз жөнүндөгү ойлоруң сан жеткис+. Сага эч ким тең келе албайт+. Ошонун баарын жар салып, айткым келет, Бирок аларга эсебим жетпейт+.  Сен курмандык менен тартууну каалаган жоксуң+; Менин кулагымды ачтың+. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен күнөө курмандыгын сураган жоксуң+.  Ошондуктан мындай дедим: «Мына, мен келдим+, Түрмөк китепте мен жөнүндө жазылган+.  Оо, Кудайым, сенин эркиңди аткаруудан ырахат алам+, Мыйзамың менин жүрөгүмдө+.  Чоң жыйналышта адилдик жөнүндө жакшы кабар айтам+, Оозумду тыйбайм+. Оо, Жахаба, муну өзүң билесиң+. 10  Адилдигиңди жүрөгүмө катып албайм+, Ишенимдүүлүгүңдү, куткарууңду жарыялайм+. Чоң жыйналышта мээримдүүлүгүң менен чындыгыңды жашырбайм»+. 11  Оо, Жахаба, мага боор ооруганыңды токтотпо+. Мээримдүүлүгүң менен чындыгың мени дайыма коргоп жүрсүн+. 12  Анткени мени сансыз кырсык курчап алды+. Кылмыштарым башыман ашты, аларга эсеп жетпейт+, Алар башымдагы чачымдан да көп+; Жүрөгүмдү кайгы басты+. 13  Оо, Жахаба, ырайым кылып, мени куткар+. Оо, Жахаба, мага жардам берүүгө шашыл+. 14  Жанымды алгысы келгендердин баары+ уят болуп, Алдастап калышсын+. Кырсыкка кабылганыма сүйүнгөндөр артын көздөй качып, басынтылышсын+. 15  Мага: «Сооп болуптур! Ошону көрмөк!» — дегендер+ Уят болушканынан таң калып туруп калышсын+. 16  Сени издегендердин баары+ Алдыңда шаттанып, кубансын+. Сенин куткарууңду жакшы көргөндөр+: «Жахаба даңазалансын!» — деп тынбай жар салышсын+. 17  Мен болсо бир байкушмун, жакырмын+. Бирок Жахаба мени ойлойт+. Сен менин жардамчымсың, куткаруучумсуң+. Оо, Кудайым, кечиге көрбө+. Башчыга. Дөөтүнүн ыры.

Шилтемелер