Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 4:1—8

4  Чакырганымда, жооп бере көр, оо, адил Кудайым+. Кысталыш учурунда мени кенен жерге алып чык. Мага ырайым кылып+, тиленүүмдү уга көр.  Адам балдары, качанга чейин даңкымды+ тебелеп-тепсейсиңер? Качанга чейин ишке ашпас нерсени жакшы көрөсүңөр? Качанга чейин калпты издейсиңер? (Села)  Жахаба Өзүнө берилген кишиге өзгөчө мамиле кыларын билгиле+, Жахабаны чакырганымда, ал мени угат+.  Ачууланганыңарда күнөө кылбагыла+. Сөзүңөрдү төшөктө жатканда+ ичиңерден айтып алгыла да, унчукпагыла. (Села)  Адилдик курмандыгын чалып+, Жахабага таянгыла+.  Көптөр: «Бизге ким жакшылык кылат?» — дешет. Жүзүңдүн жарыгын бизге бур+, оо, Жахаба.  Сен жүрөгүмө кубаныч бересиң+, Алардын даны, жаңы шарабы мол болуп тургандагыдан да чоң кубаныч тартуулайсың+.  Мен тынч жатып, тынч уктайм+, Анткени мага бир өзүң коопсуздук бересиң+, оо, Жахаба. Башчыга. Нехилот*. Дөөтүнүн ыры.

Шилтемелер

Так мааниси белгисиз. Үйлөмө аспаптын же музыкалык чыгарманын бир түрү болушу ыктымал.