Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 39:1—13

Башчыга. Жедутун*+. Дөөтүнүн ыры. 39  Мен: «Тилим менен күнөөгө батпаш үчүн+ Жолдорумду байкап жүрөм+. Алдымда ыймансыз турганда+, Оозума ооздук* салам»,— дедим+.  Мен сүйлөбөй, үн катпай+, Жакшылыкты да сөз кылбай калдым+, Сыздаткан оорумду бастым.  Көөдөнүмдө жүрөгүм чок болду+, Үшкүрүнүп, оттой күйдүм. Ошондо тилим мындай деди:  «Оо, Жахаба, өмүрүмдүн акырын+, Күндөрүмдүн санын билгидей болоюн+, Өмүрүмдүн канчалык кыска экенин аңдайын+.  Мына, мага саналуу эле күн бердиң+, Сенин алдыңда бүт өмүрүм эч нерсеге арзыбайт+. Чын эле, пенде канчалык бекем турбасын, ал — тек гана дем+. (Села)  Чын эле, адамдын өмүрү көлөкөдөй+. Чын эле, адамдар бекер эле түйшүк тартышат+. Бирөө дүнүйө топтойт, бирок анысы кимге каларын билбейт+.  Оо, Жахаба, анда мен эмнеге үмүттөнүп жүрөм? Мен сени күтөм+.  Мени бардык кылмыштарымдан арылт+, Акылсызга кор кылба+.  Сенин иш-аракетиңен улам+ Унчуккан жокмун+, оозумду ача алган жокмун+. 10  Башыма салган алааматыңды менден алыстат+. Анткени колуңдун кастыгынан жок болуп баратам+. 11  Сен адамдын күнөөсүн ашкерелеп, аны оңдоп-түзөйсүң+, Анын баалуу нерселерин күбөдөй жеп жок кыласың+. Чын эле, ар бир пенде — тек гана дем+. (Села) 12  Оо, Жахаба, тиленүүмдү ук, Зарлаган үнүмө кулак сал+. Көз жашымды көрүп, унчукпай койбо+. Анткени сенин алдыңда тек гана бөтөн жерликмин+, Ата-бабаларымдай эле келгинмин+. 13  Өлүп, жок болгонума чейин+, Менден көзүңдү ал: кайрадан кубанычка бөлөнөйүн»+.

Шилтемелер

Мааниси белгисиз.
Же: «тумшук кап».