Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 38:1—22

38  Оо, Жахаба, мени ачууң менен ашкерелебе+, Каарың менен оңдоп-түзөбө+.  Анткени жебелериң денеме терең сайылды+, Колуң үстүмөн басты+.  Өкүмүңөн улам денемдин бир да соо жери калган жок+, Күнөөмдүн айынан жан дүйнөмдөн* тынчтык кетти+.  Кылмыштарым башыман ашып+, Мага оор жүктөй салмагын салды+.  Акылсыздыгыман улам Жараларым ириңдеп, каңырсып жатат+.  Тынчым кетти, жерге жете бүгүлдүм+, Эртеден кечке кайгырып жүрдүм+.  Ичим алоолонуп өрттөнүп, Денемдин бир да соо жери калган жок+.  Деңдароо болдум, таш-талканым чыкты, Жүрөгүм сыздагандан кыйкырып жатам+.  Оо, Жахаба, каалоо-тилегимдин баары сенин алдыңда, Үшкүрүгүм да сенден жашыруун эмес+. 10  Жүрөгүм дүкүлдөп жатат; алдан тайдым. Көзүмдүн нуру өчтү+. 11  Мени жакшы көргөндөр, жакындарым дартыман улам жаныма жолобой калышты+, Санаалаштарым алыстап кетишти+. 12  Ал эми жанымды издегендер тор жайып+, Башыма мүшкүл түшүргүсү келгендер мага каршы сүйлөп+, Митаамдык кылууну эртеден кечке ойлонуштуруп жатышат+. 13  Мен болсо, дүлөйгө окшоп, тыңшабайм+, Дудуктай болуп, ооз ачпайм+. 14  Мен кулагы укпаган кишидей болдум, Оозуман каяша сөз чыккан жок. 15  Анткени, Жахаба, сени күттүм+. Жахаба Кудайым, сен жооп бердиң+. 16  Мен: «Болбосо алардын табасы канат+, Бутум тайса+, мага кыйынсынышат»,— деген элем+. 17  Анткени мен аксап кала жаздадым+. Азабым ар дайым көз алдымда турду+. 18  Мен кылмышым тууралуу айттым+, Күнөөмдүн айынан тынчым кетти+. 19  Душмандарым күчкө толуп, кубаты ашынды+, Мени себепсиз жек көргөндөр көбөйдү+. 20  Алар жакшылыгыма жамандык менен жооп берип+, Жакшылык кылууга умтулганым үчүн каршылык көрсөтүп келишет+. 21  Оо, Жахаба, мени таштаба, Оо, Кудайым, менден алыстаба+. 22  Мага жардам берүүгө шашыл+, Оо, Жахаба, куткаруучум+. Башчыга. Жедутун*+. Дөөтүнүн ыры.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «сөөктөрүмдөн».
Мааниси белгисиз.