Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 37:1—40

37  Жамандык кылгандарды көрүп кыжырланба+, Ыймансыздык кылгандарга көз артпа+.  Анткени алар чөп сыяктуу тез эле куурап+, Көк чөптөй соолуп калышат+. ב [Бет]  Жахабага таян, жакшылык кыл+, Жер бетинде жашап, ишенимдүүлүгүңөн жазба+.  Жахабадан кубаныч алып, ырахаттан+, Ошондо ал жүрөгүңдөгү ой-тилектерди орундатат+. ג [Гимел]  Жолуңду Жахабага тапшыр+, Ага таян+, ошондо ал өзү иш-аракет кылат+.  Адилдигиңди жарыктай+, Адилеттүүлүгүңдү чак түштөй кылат+. ד [Далет]  Жахабанын алдында унчукпа+, Аны чыдамсыздык менен күт+. Өз жолунда ийгиликке жеткен бирөөгө+, Ойлорун ишке ашырган адамга кыжырланба+. ה [Хе]  Ачууңду тый, каарыңды бас+, Жамандыкка барбаш үчүн кыжырланба+.  Анткени жамандык кылгандар кырылат+, Ал эми Жахабага үмүт арткандар жерди мураска алат+. ו [Вав] 10  Дагы бир аздан кийин ыймансыз жок болот+, Ордун карап, аны таппай каласың+. 11  Ал эми мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да+, Мол тынчтыкка ырахаттанышат+. ז [Зайин] 12  Ыймансыз адил адамга каршы жамандык ойлойт+, Ага тишин кычыратат+. 13  Бирок Жахаба ага күлөт+, Анткени анын өлөр күнү жакындап калганын көрүп турат+. ח [Хет] 14  Бей-бечара менен жакырды сулатуу үчүн+, Түз жолдо жүргөндөрдү өлтүрүү үчүн+, Ыймансыздар кылычын сууруп чыгышты, жааларын ийишти+. 15  Бирок кылычтары өз жүрөктөрүнө сайылат+, Жаалары талкаланат+. ט [Тет] 16  Адил адамдын аз нерсеси+ Ыймансыздардын молчулугунан артык+. 17  Анткени ыймансыздардын колу сынат+, Ал эми адил адамдарды Жахаба колдойт+. י [Йод] 18  Жахаба кынтыксыздардын күндөрүн билет+, Алардын мурасы түбөлүккө калат+. 19  Алар алаамат учурунда уятка калышпайт+, Ачарчылык күндөрү ток болушат+. כ [Каф] 20  Ал эми ыймансыздар жок болушат+, Жахабанын душмандары жайыттын шибер чөбүндөй куурап калышат, Алар түтүндөй тарап+, жок болушат+. ל [Ламед] 21  Ыймансыз карыз алат да, кайрып бербейт+, Ал эми адил адам кайрымдуу, берешен келет+. 22  Кудайдын батасын алгандар жерди мурасташат+, Ал эми каргышына калгандар кырылып жок болушат+. מ [Мем] 23  Жахаба адамдын кадамдарын туруктуу кылат+, Анын жолу Ага ырахат тартуулайт+. 24  Ал жыгылып баратса да, кулабайт+, Анткени Жахаба аны колунан кармап турат+. נ [Нун] 25  Мен жаш элем, эми карыдым+, Бирок Кудайдын адил адамды калтырып койгонун+ Же анын урпактарынын нан сурап жүргөнүн көргөн жокмун+. 26  Ал күнүгө жакшылык кылат, карыз берет+, Ошондуктан анын урпактарына бата тиет+. ס [Самех] 27  Жамандыктан алыс бол, жакшылык кыл+, Ошондо түбөлүк жашайсың+. 28  Анткени Жахаба адилеттикти сүйөт+, Өзүнүн берилген кызматчыларын таштабайт+. ע [Айин] Аларды кылымдар бою коргоп жүрөт+, Ал эми ыймансыздардын тукуму кырылып жок болот+. 29  Адил адамдар жерди мураска алып+, Жер бетинде түбөлүк жашашат+. פ [Пе] 30  Адил адамдын оозунан акылмандык чыгат+, Тили адилеттикти сүйлөйт+. 31  Кудайынын мыйзамы анын жүрөгүндө+, Анын буту олку-солку болбойт+. צ [Цаде] 32  Ыймансыз адам адил адамды аңдып+, Аны өлтүрүүнүн жолун издейт+. 33  Бирок Жахаба аны ыймансыздын колуна салып бербейт+, Сотто айыпка жыкпайт+. ק [Коф] 34  Жахабага үмүт арт, анын жолунан чыкпа+, Ошондо, жерди мураска алышың үчүн, ал сени жогорулатат+. Сен ыймансыздардын кырылып жатканын өз көзүң менен көрөсүң+. ר [Реш] 35  Мен ыймансыз, зулум адамды көрдүм+, Ал өз топурагында шагын жайып өскөн дарактай эле+. 36  Бирок ал көздөн кайым болду, жок болду+. Мен аны издеп, таппай калдым+. ש [Шин] 37  Кынтыксыз адамды байкап жүр, чынчылдан көзүңдү алба+, Анткени анын келечеги — тынчтык+. 38  Ал эми мыйзамды бузгандар жок кылынат+, Ыймансыздардын келечеги ойрон болот+. ת [Тав] 39  Жахаба адил адамдарды куткарат+, Кыйынчылык учурунда аларга чеп болот+. 40  Жахаба аларга жардам берет, аларды коргойт+. Андан баш маана издешкендиктен+, Аларды ыймансыздардан куткарат, сактайт+. Дөөтүнүн забуру. Эске салуу.

Шилтемелер