Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 36:1—12

Башчыга. Жахабанын кызматчысы Дөөтүнүн забуру. 36  Кылмыш ыймансыздын жүрөгүнөн сүйлөйт+, Көздөрүнөн Кудайдан коркуу дегенди көрбөйсүң+.  Ал өзүн башкалардан жогору эсептеп, өзүн өзү алдагандыктан+, Күнөөсүн байкабайт да, жек көрбөйт+.  Оозунан чыккан сөздөрү — жамандык менен калп+. Түшүнүгү тайкы болгондуктан, ал жакшылык кылбайт+.  Ал төшөгүндө жатканда да жамандык ойлойт+, Тетири жолдо жүрөт+, Жамандыкты четке какпайт+.  Оо, Жахаба, сенин мээримдүүлүгүң асманда+, Ишенимдүүлүгүң булуттарга жетет+.  Оо, Кудай, сенин адилдигиң тоолоруңдай+, Өкүмдөрүң суу туңгуюктарындай+. Оо, Жахаба, сен адамды да, айбанды да куткарасың+,  Оо, Кудай, сенин мээримдүүлүгүң кандай гана баа жеткис+, Адам баласы канатыңдын көлөкөсүнө корголойт+.  Алар үйүңдөгү молчулукка моокумун кандырат+, Сен аларга берекеңдин дайрасынан ичиресиң+.  Анткени өмүрдүн булагы сенде+, Биз сенин жарыгың менен жарыкты көрүп жүрөбүз+. 10  Өзүңдү билгендерди мээримдүүлүгүңдөн+, Жүрөгү тазаларды адилдигиңден өксүтпө+. 11  Мени бой көтөргөн бирөөнүн буту тебелебесин+, Ыймансыздардын колу тентитпесин+. 12  Мына, жамандык кылгандар кулашты+, Жыгылып, тура албай калышты+.

Шилтемелер