Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 35:1—28

35  Оо, Жахаба, душмандарымды соттоп, мага болуш+. Мени менен согушкандарга каршы согуш+.  Кичине калкан менен чоң калкан алып+, Мага жардамга кел+.  Артыман кууп келаткандарды найза, ай балта менен тосуп чык+. Жаныма: «Куткаруучуң менмин»,— де+.  Жанымды издегендер уятка калышсын, басынтылышсын+. Мага жамандык ойлогондор артка чегинип, алдастап калышсын+.  Алар шамал сапырган топондой болушсун+, Жахабанын периштеси аларды кууп жиберсин+.  Алардын жолу караңгы, тайгак болсун+, Жахабанын периштеси алардын артынан сая түшсүн.  Анткени мага жөн жерден тор жайып, ор даярдашкан+, Жаным үчүн жөн жерден ор казышкан+.  Алар күтүлбөгөн жерден жок болушсун+, Жайган торуна өздөрү түшүшсүн+, Орго кулап, ойрон болушсун+.  Ал эми менин жаным Жахабанын иштерине кубансын+, Анын куткарганына шаттансын+. 10  Бүт сөөктөрүм+: «Оо, Жахаба, бей-бечараны күчтүүдөн+, Бечара менен жакырды тоноочудан куткарган+ Сендей ким бар?» — десин+. 11  Таш боор күбөлөр каршы чыгып+, Мен билбеген нерселерди сурап жатышат+. 12  Алар жакшылыкка жамандык менен жооп кайтарып+, Жанымды күйүткө малып жатышат+. 13  Мен болсо, алар ооруганда, үстүмө таар жамынгам+, Орозо кармап, жанымды кыйнагам+, Тиленүүм өзүмө жоопсуз кайтып келген+. 14  Жакыныма, бир тууганыма боор ооругам+, Ошондуктан энемди жоктогондой кайгырып жүргөм+. Көңүлүм чөгүп, башым шылкыйган. 15  Алар болсо, мен аксаганда, кубанып, биригишкен+, Мага каршы чогулушкан+, Күтүүсүз жерден мага сокку урушкан+, Мени тыткылап, кордогонун токтотушкан эмес+. 16  Бир кесим нан үчүн Кудайдан баш тарткан шылдыңчылдар+ Мага тиштерин кычыратышкан+. 17  Оо, Жахаба, качанга чейин карап турасың?+ Жанымды алардын кыянаттыгынан куткар+, Жалгыз өмүрүмдү+ жалдуу жаш арстандардан сакта. 18  Мен сени чоң жыйналышта даңазалайм+, Калың элдин арасында даңктайм+. 19  Мага жөн жерден душман болгондор мени табалашпасын+, Мени себепсиз эле жек көргөндөр бири-бирине көз кысышпасын+. 20  Анткени алар тынчтык жөнүндө сүйлөшүп жатышкан жок+, Тескерисинче, жерде тынч жашагандарга каршы Алдамчылык ойлонуштуруп жатышат+. 21  Ооздорун араандай ачып, мени мазактап+: «Ырас болду, ырас болду! Баарын өз көзүбүз менен көрүп жатабыз»,— деп жатышат+. 22  Оо, Жахаба, өзүң көрүп турасың+, унчукпай койбо+. Оо, Жахаба, менден алыстаба+. 23  Ордуңан тур, мага калыстык кылуу үчүн ойгон+, Оо, Кудайым Жахаба, сотто мага болуш+. 24  Жахаба Кудайым, мага адилдигиң боюнча өкүм чыгар+, Алар мени табалашпасын+. 25  Ичтеринен: «Чала болду. Эми жаныбыз жай алды!» — дешпесин+. «Биз аны жеп-жуттук»,— деп айтышпасын+. 26  Башыма кыйынчылык түшкөнүнө сүйүнгөндөрдүн баары+ Уят болушсун, айласын таппай калышсын+. Мага кыйынсынгандар+ шылдың болуп, басынтылышсын+. 27  Менин адилдигиме кубангандар салтанаттуу үн салып, шаттанышсын+, Алар тынбай+: «Жахаба даңазалансын»,— дешсин, «Кызматчысынын тынчтыкта жашаганына кубанган Кудай даңкталсын»,— деп айтышсын+. 28  Тилим адилдигиңди жар салсын+, Күнү бою сени даңктасын+. Башчыга. Жахабанын кызматчысы Дөөтүнүн забуру.

Шилтемелер