Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 34:1—22

34  Жахабаны ар убак алкайм+. Оозум аны ар дайым даңктайт+. ב [Бет]  Жаным Жахаба менен мактанат+, Мүнөзү жумшактар угуп сүйүнүшөт+. ג [Гимел]  Жахабаны мени менен даңазалагыла+, Анын ысмын чогуу даңктайлы+. ד [Далет]  Жахабага кайрылганымда, ал жооп берди+, Бардык коркунучтан куткарды+. ה [Хе]  Аны карагандардын жүзү жаркырады+, Алардын жүзү кызарган жок+. ז [Зайин]  Бул кыйналган адам чакырганда, Жахаба укту+. Аны бардык азаптарынан арылтты+. ח [Хет]  Жахабанын периштеси Андан корккондорду коргоп* турат+, Аларды куткарат+. ט [Тет]  Татып көргүлө, ошондо Жахабанын канчалык жакшы экенин билесиңер+, Аны баш маана кылган адам бактылуу+. י [Йод]  Жахабанын ыйыктары, андан корккула+, Анткени андан корккондор эч нерседен кем болбойт+. כ [Каф] 10  Жалдуу жаш арстандар жеми жок ачка калат+, Ал эми Жахабаны издегендер жакшылыктан кем болбойт+. ל [Ламед] 11  Уулдарым, келгиле, мени уккула+, Силерди Жахабадан коркууга үйрөтөм+. מ [Мем] 12  Жашоодон кубаныч алгың келсе+, Узак өмүр сүрүп, жакшылык көргүң келсе+, נ [Нун] 13  Тилиңди жамандыктан+, Оозуңду жалгандыктан сакта+. ס [Самех] 14  Жамандыктан алыс бол, жакшылык кыл+, Тынчтыкты издеп, ошого умтул+. ע [Айин] 15  Жахабанын көзү адил адамдарды көрүп+, Кулагы алардын зар-муңун угат+. פ [Пе] 16  Ал эми жамандык кылгандардан Жахаба жүзүн бурат+, Жер үстүнөн алардын атын өчүрөт+. צ [Цаде] 17  Адилдер жалынганда, Жахаба укту+, Аларды бардык азаптарынан арылтты+. ק [Коф] 18  Жахаба жүрөгү жаралангандарга жакын+, Кыйналгандарды куткарат+. ר [Реш] 19  Адил адамдын кыйынчылыгы көп+, Бирок Жахаба анын баарынан арылтат+. ש [Шин] 20  Ал анын сөөктөрүнүн баарын сактайт, Бири да сынбайт+. ת [Тав] 21  Ыймансыз алааматтан өлөт+, Адил адамды жек көргөндөр айыпка жыгылат+. 22  Жахаба кызматчыларынын жанын кун төлөп куткарат+, Аны баш маана кылгандардын эч кимиси айыпка жыгылбайт+. Дөөтүнүн забуру.

Шилтемелер

Же: «Андан корккондордун тегерегине кош жаят».