Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 33:1—22

33  Оо, адил адамдар, Жахабанын иштерине кубанып-шаттангыла+. Аны мактоо чынчылдарга жарашат+.  Жахабага арфа* чертип ыраазычылык билдиргиле+, Он кылдуу аспап+ менен аны даңктап ырдагыла.  Ага жаңы ыр ырдагыла+, Кыл терип, чын жүрөктөн ойногула, кубанычтуу үн салгыла+.  Жахабанын сөзү акыйкат+, Ал бардык иштеринде ишенимдүү+.  Ал адилдик менен акыйкаттыкты сүйөт+. Жер Жахабанын мээримдүүлүгүнө толгон+.  Асман Жахабанын сөзү менен+, Бүт асман аскерлери анын оозунан чыккан деми менен жаралган+.  Ал деңиздин сууларын тосмо менен тосуп койгондой кармап турат+, Ээ-жаа бербеген сууларды кампаларга топтойт.  Бүт жер жүзү Жахабадан корксун+. Жерде жашагандардын баары анын алдында титиреп турсун+.  Ал айтты эле — айтканындай болду+, Буйрук берди эле — аткарылды+. 10  Жахаба элдердин ой-максатын бузат+, Адамдардын ойлорун ойрон кылат+. 11  Жахабанын ой-максаты кылымдар бою өзгөрбөйт+, Жүрөгүндөгү ойлор муундан муунга өтөт+. 12  Жахаба кайсы элдин Кудайы болсо, Кимдерди мурасы кылып тандап алса+, ошол эл бактылуу+. 13  Жахаба асмандан карап+, Адам баласын көрүп турат+. 14  Жерде жашагандардын баарын Өзүнүн турак жайынан карап турат+. 15  Ал баарынын жүрөгүн калыптайт+, Алардын бардык иштерин байкайт+. 16  Падышаны сансыз аскери куткара албайт+, Күчтүүнү зор күчү сактай албайт+. 17  Куткарат деп атка ишенип алданба+, Анын зор күчү эч кимди куткара албайт+. 18  Мына, Жахабанын көзү андан корккондорду+, Мээримдүүлүгүн күткөндөрдү карап турат+. 19  Ал алардын жанын өлүмдөн куткаруу үчүн+, Ачарчылык учурунда аман алып калуу үчүн карап турат+. 20  Жаныбыз Жахабаны күтүп жатат+. Ал — биздин жардамчыбыз, калканыбыз+. 21  Анын алдында жүрөгүбүз кубанат+, Биз анын ыйык ысмына таянабыз+. 22  Оо, Жахаба, мээримдүүлүгүң биз менен болсун+, Анткени биз сени күтүп жатабыз+. Дөөтүнүн Абымелектин алдында кем акыл+ болумуш болгондон кийин куулуп жиберилгенде жазган забуру. א [Алеф]

Шилтемелер

Байыркы убактагы музыкалык кыл аспап.