Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 32:1—11

32  Кылмышы кечирилген, күнөөсү жабылган киши бактылуу+.  Айыбын Жахаба эсепке албаган+, Куулугу жок адам бактылуу+.  Унчукпай жүргөнүмдө, эртеден кечке онтогонуман сөөктөрүм кургап кетти+.  Анткени сенин колуң мени күнү-түнү кыйнады+, Өмүрүм жайдын аптабындагыдай соолуду+. (Села)  Акыры күнөөмдү сага ачык айттым, айыбымды жашырган жокмун+. «Кылмыштарымды мойнума алып, Жахабага айтам»,— дедим+. Ошондо сен менин катамды, күнөөлөрүмдү кечирдиң+. (Села)  Андыктан ар бир ишенимдүү кызматчың сенден тиленет+, Өз убагында сени издеп табат+. Ага ташкындаган суулардын зыяны тийбейт+.  Сен баш маанамсың, мени азап-кайгыдан сактайсың+, Куткарып, шаттыкка бөлөйсүң+. (Села)  «Сага түшүнүк берем, сени жүрүшүң керек болгон жолго салам+. Кеңеш берем, сенден көзүмдү албайм+.  Аң-сезими жок аттай, качырдай болбо+. Жоошутуш үчүн аларга жүгөн, ооздук салышат+, Болбосо жанына жолотпойт»+. 10  Ыймансыздын азап-кайгысы көп+, Ал эми Жахабага таянганды мээримдүүлүк курчап турат+. 11  Адил адамдар, Жахабанын иштерине кубангыла, сүйүнгүлө+. Жүрөгү тазалар, шаттангыла+.

Шилтемелер