Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 31:1—24

31  Оо, Жахаба, мен сенден баш маана таптым+. Эч качан уятка калбайын+. Мени адилдигиң боюнча куткар+.  Мага кулак сал+. Мени куткарууга шашыл+. Мага таштан курулган чеп бол+, Мени сакташ үчүн сепил бол+.  Анткени сен менин аска-зоомсуң, чебимсиң+, Өз ысмың үчүн+ мени жетекте, мага жол көрсөт+.  Сен мени жашыруун жайылган тордон чыгарасың+, Анткени менин сепилимсиң+.  Рухумду өз колуңа тапшырам+. Оо, Жахаба, чындыктын Кудайы+, сен мени кун төлөп куткардың+.  Эч нерсеге жарабаган буркандарды аздектегендерди жек көрөм+. Мен Жахабага таянам+.  Сенин мээримдүүлүгүңө кубанам да, шаттанам+, Анткени тарткан азабымды көрдүң+, Жанымдын кыйналганын билдиң+.  Мени душмандын колуна салып берген жоксуң+, Бутумду кенен жерге койдуң+.  Оо, Жахаба, мага ырайым кыл, анткени оор абалдамын+. Кайгыдан көзүм соолуду+, жаным кыйналды, ичим сыздады+. 10  Өмүрүм кайгы менен+, Жылдарым үшкүрүк менен өттү+. Күнөөмдүн айынан алдан тайдым+, Сөөктөрүм алсырады+. 11  Бүт душмандарыма+ шылдың болдум+, Жакындарыма андан бетер күлкү болдум+, Тааныштарым мени көргөндө үрөйү учат+, Көчөдөн жолуктурганда менден качышат+. 12  Мен өлгөн кишидей унутулдум+, Талкаланган идиштей болуп калдым+. 13  Көптөрдөн жаман сөз угуп+, Туш-туштан коркунучка кабылдым+. Алар мага бир кишидей каршы чыгып+, Жанымды алуунун амалын издеп жатышат+. 14  Бирок мен сага таянам, Жахаба+. «Кудайым сенсиң»,— дейм+. 15  Өмүрүм сенин колуңда+. Мени душмандарымдын колунан, куугунтукка алгандардан куткар+. 16  Кызматчыңа жүзүңдүн жаркыраганын көрсөт+, Мени мээримдүүлүгүң менен куткар+. 17  Оо, Жахаба, уятка калбайын, анткени сени чакырып жатам+. Ыймансыздар уят болсун+, Алардын үнү көрдө* басылсын+. 18  Адил адамды жамандаган+, бой көтөрүүнүн, жек көрүүнүн чегин билбеген+ Калпычылар тилден калсын+. 19  Өзүңөн корккондор үчүн сактап койгон жакшылыгың+, Баарынын көз алдында Өзүңөн баш маана издегендерге көрсөткөн жакшылыгың+ кандай гана мол!+ 20  Сен аларды топтошкон кишилерден коргоп+, Жаныңдагы жашыруун жерге бекитесиң+. Аларды заар тилдерден өз алачыгыңа жашырасың+. 21  Жахаба даңкталсын+, Ал мага курчоого алынган шаарда+ кереметтүү мээримдүүлүгүн көрсөттү+. 22  Мен дүрбөлөңгө түшкөндө+: «Көз алдыңан жок болуп баратам»,— дедим+. Бирок сен, жардамга чакырганымда, зарлаган үнүмдү уктуң+. 23  Жахабага берилгендер, аны сүйгүлө+. Жахаба ишенимдүүлөрдү коргойт+, Ал эми бой көтөргөндөргө тиешесин ашыгы менен берет+. 24  Жахабаны күткөндөрдүн баары+, Кайраттуу болгула, жүрөгүңөр бекем болсун+. Дөөтүнүн забуру. Маскил*.

Шилтемелер

Евр. шеол. Кара: 8-тирк.
Так мааниси белгисиз. Сыягы, «ой жүгүртүү түрүндөгү ыр» дегенди билдирет.