Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 30:1—12

30  Оо, Жахаба, мени куткарганың үчүн+, Душмандарымдын табасын кандырбаганың үчүн сени даңктайм+.  Оо, Жахаба Кудайым, сага жардам сурап жалбарганымда, мени айыктырдың+.  Оо, Жахаба, сен жанымды көрдөн* алып чыктың+, Көрдө жатпашым үчүн, өмүрүмдү сактап жүрдүң+.  Жахабага берилгендер, аны обон салып даңктагыла+, Ыйык ысмына* ыраазычылык билдиргиле+.  Анткени ал көз ирмемге эле каарданат+, Ал эми ырайымын өмүр бою көрсөтөт+. Кечинде ый чыкса+, эртең менен кубанычтуу үн жаңырат+.  Мен санаасыз жашап жүргөнүмдө+: «Эч качан олку-солку болбойм»,— дечүмүн+.  Оо, Жахаба, менин тоомду ырайымың менен бекемдедиң+, Бирок жүзүңдү жашырганыңда, тынчым кетти+.  Оо, Жахаба, сени чакырып жаттым+; Жахабадан ырайым кылышын сурап жалбара бердим+.  Көргө түшкөнүмдөн, канымдын төгүлгөнүнөн эмне пайда?+ Сени топурак даңктайбы+, чындыгыңды жарыялайбы?+ 10  Оо, Жахаба, үнүмдү угуп, ырайым кыл+, Мага жардам бер, Жахаба+. 11  Сен күйүтүмдү бийге айланттың+, Үстүмөн таарды* чечтиң, мени кубаныч менен курчадың+. 12  Сени жүрөгүм* даңктап ырдасын, унчукпай калбасын+. Оо, Жахаба Кудайым, сени түбөлүк даңазалайм+. Башчыга. Дөөтүнүн ыры.

Шилтемелер

Евр. шеол. Кара: 8-тирк.
Сөзмө-сөз: «эскерилишине».
Салт боюнча, аны кайгырганда, күйүт тартканда ж. б. у. с. учурларда кийишчү же колдонушчу.
Сөзмө-сөз: «даңкым».